Адам өлүмүнө шектелип 4 жаран кармалды

  14.09.17   08:39
 33

Ошто адам өлүмүнө шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

5-сентябрь күнү, болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ит-Качкан мал жайытында өздүгү такталбаган азият улутундагы 20-25 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Жогорудагы факт боюнча Ош ОИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш -чараларынын негизинде белгисиз эркек киши 1986- жылы туулган А.А. аттуу Баткен шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

9-сентябрь күнү Ош шаарында оор кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 1988-жылы туулган У.С. аттуу жаран кармалган.

12-сентябрь күнү Бишкек жана Баткен шаарынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 26 жаштагы А.Н. жана Ж.Ч., 32 жаштагы С.К. аттуу Баткен шаарынын тургундары кармалышкан.

Шектүү катары кармалган жарандар 5-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамаларында Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан соода түйүнүндө маркум менен биргеликте спирт ичимдигин ичишкен.

Пикир келишпестиктен улам алардын ортосунда чыр чыгып мушташка айланган. Кармалган жарандар маркумду ур-токмокко алышып, жабырлануучунун колу бутун байлашып, жасаган кылмыш иштерин жашыруу максатында ага таандык "Субару-Форестер" үлгүсүндөгү унаага салып, Ош шаарын көздөй айдап жөнөшкөн. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ит-Качкан мал жайытына маркумдун сырткы кийимдерин чечип алышып, маркумдун жансыз денесин калтырып, унаасы менен Бишкек шаарына жөнөп кетишкен. Субару-Форестер үлгүсүндөгү унааны арзан баада сатып, шектүүлөр кайрадан Ош шаарына келишкен. Учурда шектүүлөр убактылуу-кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277092

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.