Назик Бейшеналы премьердин коомдук кеңешчиси болуп дайындалды

  14.09.17   09:52
 30

Назик Бейшеналы премьер-министрдин коомдук башталышта кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Назик Бейшеналы – Кыргызстандын 200дөн ашык айыл чарба кооперативдерди бириктирүүчү Кооператив союзунун (биримдиктин) президенти. Анын демилгеси менен 2013-жылдан бери жыл сайын Эл аралык кооперативдердин форумдары өткөрүлөт.

Өзүнүн эмгек ишмердүүлүк жылдары КРнын НИСИнин директордун орун басары, КРнын президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын изилдөө жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору БУУнун КР Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын саясий маселелери боюнча кеңешчиси жана ошондой эле БУУнун системасында улуттук жана эл аралык консультант катары эмгектенген.

Учурда ал Англиядагы Оксфорд университетинде "Мамлекеттик саясат" багыты боюнча билим алат. Экономика илимдеринин доктору.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277095

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.