Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  14.09.17   10:20
 64

Башкы прокуратура Унаа жана жолдор министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козгоду. Көзөмөл органы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет биргелешип жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, министрликтин кызматкерлери мамлекетке 16 851 139 сомдук зыян келтиришкен.

Маалыматка караганда, министрликте 2015-жылдын май айында Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараяны учурундагы электрондук жабдууларды сатып алууда мыйзам бузуу катталганы аныкталган.

Кылмыш иши 13-сентябрда Кылмыш- жаза кодексинин 304-беренесине (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 306-беренесине (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына дал келбеген келишим түзүү) ылайык козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277096

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.