Депутат "Коопсуз шаар" долбоорунун создуктурулуп жатканына нааразы

  14.09.17   10:29
 33

Акыркы жылдары жол кырсыгы кыйла көбөйүп кетти. "Коопсуз шаар" долбоорун ищке ашыруу маселеси соттук териштирүүлөрдөн жана каржы жетишсиздигинен улам создугуп келет. Өкмөт каржы маселесин чечип, долбоорду тезинен жүзөгө ашыруу чарасын колго алышы керек. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

"Азыр "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жаатында кандай аракеттер жасалууда? Эмне, иш айрым бир адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам создуктурулуп жатабы? Өкмөт ай сайын бул багытта көрүлүп жаткан чаралар тууралуу ырааттуу маалымат берип турушу керек. Болбосо, абал улам оорлошуп барат. Өткөн жылы жол кырсыгынан 938 киши каза болуптур", - дейт эл өкүлү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277097

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.