Жарандар ок атуучу куралдарын милиция кызматкерлерине өткөрүп беришүүдө

  14.09.17   11:14
 22

13-сентябрь күнү Кемин РИИБнын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жаңы-Алыш айылынын жашоочусу талаадан таап алган "ИЖ-28" үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 33 жаштагы Кара-Суу районунун жашоочусу Савай каналынын жээгинен таап алган "ТОЗ-12" үлгүсүндөгү ок атуучу куралды милиция кызматына тапшырса, Москва районунун Кыз-Моло айылынын 56 жаштагы А.Т. аттуу тургунунун сарайынан мыйзамсыз сактап жүргөн 16-калибрдеги ок атуучу курал жана 23 даана 7.62 -калибрдеги, 1 даана 5,6- калибрдеги октор милиция тарабынан алынган.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бирок милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде табылып алынган ок атуучу куралдардын ээлери кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277100

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.