Атамбаев Таластагы драма театрдын курулушун аяктоого акча бөлдү

  14.09.17   11:44
 25

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого 45 млн сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого жана зарыл жабдууларды сатып алууга өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 45 000 000 сом бөлүндү.

Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277102

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.