Депутат: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттарды текшерүү керек

  14.09.17   11:56
 28

Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угулду. Мамлекеттик тилди 2015-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүү багытында 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралса, ушул кезге чейин 142 млн сом бөлүнгөн экен. Бирок, бул каражаттын басымдуу бөлүгү өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө жумшалды. Биз ал каражаттын кайда жана кантип жумшалганын текшеришибиз керек. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

"Комиссия менен текшерип, анын жыйынтыгы чыкканча калган акчанын бербей туруш керек. Андан сырткары, өткөн жыйында мектептер менен окуу жайларындагы кыргыз тил сабагы тууралуу маселе да козголду. Ачык айтып коюш керек, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы кыргыз тилин билбейт. Анан кантип мамлекеттик тил өнүксүн. Биз бул маселени тармактык комитетте карап, анын ордуна башка адамды дайындоону сунуштаганбыз", - дейт депутат

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277103

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.