Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин колдоду

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына шайланды
  14.09.17   13:29
 73

Жогорку Кеӊеш президент тарабынан Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду. Мындай чечим бүгүн, 14-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Депутаттардан суроолоруна жооп берген талапкер Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын ишинде жана анын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи.

"Улуттук банк азыр натыйжалуу иштөөдө. Экономикалык каатчылыкка да кыйла туруштук берди. Ошондон улам, ал азырынча кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж деле эмес, бирок ишти алга жылдыруу аракеттери жасалат", - дейт ал.

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаӊы өкмөт курамындагы вице-премьер-министрлик кызмат ордуна дайындалган. Ал Кубанычбек Кулматов ушу тапта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектөөдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277104

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.