Медреседе окуган жаштар кесипке ээ болуп, сертификат алышууда

  14.09.17   13:33
 29

Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы Имам Аъзам медресесинде окуган 40ка жакын кызга ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүп чыккандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Алар бир жарым ай бою 30га жакын тамактын, 30га жакын салаттын түрлөрүн, дагы 30га жакын кондитердик азыктарды бышырууну үйрөнүшкөн. Учурда алардын айрымдары Жалал-Абад шаарындагы кафе, ресторандардан, кондитердик цехтерден тажрыйбадан өтүп, тамак жасоону мыкты үйрөнгөндүгүн далилдешип, жумушка орношуп жатышканы белгилүү болду.

"Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу" долбоорунун жетекчиси Нарынбек Кыдыргычовдун айтымында, жумуш берүүчүлөр курстан окуп чыккан кыздардын кесиптик деңгээли сапаттуу экендигине жогору баа беришүүдө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин айтымында медреселерде окуган жаштарга кесип үйрөтүүнүн зарылчылыгы жаштарды диний-экстремисттик агымдардын азгырыгынан сактап калуу менен бирге жумушсуздардын санын кыскартып, аларга үй-бүлөсүн багып кеткидей шарт түзүп берүү болуп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277106

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.