Жапаров боюнча шаардык сот 1-инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды

Сот айыпталуучунун күнөөсү далилденди деп эсептейт
  15.09.17   13:43
 185

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ишин карап, өкүм чыгарды. Сот Жапаровго карата Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Сот айыпталуучунун күнөөсү далилденди деп эсептейт. Жыйынтыгында соттук коллегия Жапаровду 11,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Эскерте кетсек, 2- августта, Биринчи май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте абакта кармоо өкүмүн чыгарган.

Сот Жапаровду (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), (бейбаштык) беренелери боюнча актап, бирок (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында ошол кездеги өкмөттүн ыйгарым өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277138

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.