Маевкада сүт фермасынан өрт чыкты

  19.09.17   11:46
 80

19-сентябрь түнү Маевкада сүт фермасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоонун кесепетинен 25 жаштагы жигит күйүп калган.

Кырсык болжол менен саат 00.53 чамасында катталган .Өрт имараттын чатырынын 300 чарчы метрин, темир цистернаны, 6 тонна эритүүчү затты жана 2 тонна майды жок кылган.

Окуя катталган жерден 1992-жылкы жаран жарат алган. Анын денесинин 90 пайызы күйүп калган.

Өрт саат 03.07 чамасында толук өчүрүлүп бүткөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277192

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.