БШКнын өкүлдөрү Россиянын шаарларында жолугушууларды өткөрүүдө

  24.09.17   19:02
 50

15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун алкагында БШК Кыргызстанда жана андан тышкаркы жерлерде жашаган жарандарга шайлоо процессинин этаптары, добуш берүүнүн жол-жоболору, шайлоочулардын тизмесинен өз маалыматын тактоо жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүдө.

Ушул жылдын 18-20-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Новосибирск жана Красноярск шаарларындагы мекендештер менен жумушчу жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушуунун негизги максаты добуш берүүгө укугу бар, республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо добуш берүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө кеңири маалымат берүү болуп саналат.

БШКнын өкүлдөрү Кыргызстандан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын элчиликтеринде жана консулдук мекемелеринде добуш бере тургандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук учетко турушу керек. 30-сентябрга чейин шайлоочу жеке маалыматтарын өздөрү келген мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларындагы шайлоочулардын алдын ала тизмесинен же https://shailoo.srs.kg/ порталынан тактап алса болот.

Эгерде, шайлоочу өзүнүн маалыматтарында катаны, так эместиктерди же өзүн тизмеден таппай калса, өзүнүн участкасына барып, шайлоо комиссиясына №3 формасында арыз жазуусу керек. Эгерде, шайлоочу добуш берүү учурунда республикадан тышкаркы жерлерде болсо, ал тиешелүү шайлоо участкасына барып, консулдук учетко туруу (убактылуу) үчүн №2 формасындагы арыз толтуруп, участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуу керек. Ал шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин 10 календардык күнгө чейин анык.

Жарандардын арыздары токтоосуз түрдө аймактык шайлоо комиссиясындагы участкалык шайлоо комиссиясына берилип, тизмеге киргизүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт, каталарды же так эместиктерди оңдоп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна жиберилет.

Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде 37 шайлоо участкасы, анын ичинде алтоосу Россияда ачылган. Москвадагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде (УШК 9001), Санк-Петербург шаарында КР элчилигинин канцеляриясында (УШК 9002), Красноярск шаарындагы КР элчилигинде (УШК 9003), Владивосток шаарында КР Элчилигинде (УШК 9004), Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда (УШК 9009), Новосибирск шаарындагы КР вице-консулдугунда (УШК 9010) иштеп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277301

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.