Биринчи май райондук сотунун алдына Исаевдин тарапташтары чогулду

  02.10.17   14:44
 106

Бүгүн, 2-октябрда Биринчи май райондук соту камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын карайт.

Соттун имараты милиция кызматкерлери менен курчалган. Имараттын алдына 60ка жакын адам топтолгон. Алар колдоруна "Исаевге боштондук", "Криминалдык диктатура" деген сыяктуу жазуулар менен плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда УКМК депутат Канат Исаевди жана уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрүн камакка алган. Эл өкүлү Башкы прокуратура тарабынан ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277488

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.