Бишкек шаардык соту Текебаевге карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Соттук отурум айыпталуучулардын катышуусу жок өттү.
  02.10.17   16:22
 117

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык сотунда парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу соттук отурум уланды.

Айыпталуучулардын тарапташтары каршылык көрсөтүү катары сот залынан чыгып кетишти. Соттук отурум айыпталуучулардын катышуусу жок өттү.

Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан соң соттук коллегия айыпталуучуларга карата райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Өкүм менен айыпталуучулардын жана жактоочуларынын катышуусу тааныштырды.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотонов Мегаком боюнча айыпталып, 26-февралда кармалышкан.

Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратууну өкүм кылган. Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары да сот чечимине нааразылык билдирип, аталган инстанцияга доо арыз беришкен.

Текебаев менен Чотонов өздөрүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп белгилеп келишет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277498

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.