Равшан Жээнбеков Текебаев Текебаев миллион доллар алгандыгын тастыктады

  04.10.17   11:12
 141

Социалдык түйүндөргө эки эркек адамдын телефон аркылуу сүйлөшүүсү жарыяланган. Анын биринин үнү "Азаттык" радиосунун кабарчысы Улан Эгизбаевдин үнүнө окшосо, экинчисиники экс-депутат Равшан Жээнбековдукуна окшош.

Анда журналист "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин дарегине коюлуп жаткан күнөөлөр тууралуу маектешинин пикирин сураган.

Анда Текебаевдин аталган ишке канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин сураган.

Ал эми жооп берүүчүнүн маалыматына ылайык, ага Өмурбек Абдрахманов Текебаев менен Маевский жолуккандыгын айткан.

"Алар миллион алгандыгын ошол учурда бары эле билишкен. Маевский менен Текебаевдин жолугушуусу факт, миллион алгандыгы дагы факт. Бирок далилдөө кыйынчылык жаратат. Бирок бул перссага эмес. Мен жолугушууга барган эмесмин, Абдрахманов барган. Ал кезде алар Текебаев экөө аябай дас болчу", - деп жооп кайтарган ал.

У.Эгизбаев: Сыр катары бир маселени тактап алыш керек болуп жатат, Текебаевдин маселеси боюнча. Абдрахманов Текебаевдин миллион доллар алганын бирөөнөн уктум, деп айтып жатат?

Р.Жээнбеков: Абдрахмановдун аны менен барып жолукканы чын. Мени ушул маселе боюнча чакырыптыр, барып келдим деп айтканы чын. Бирок кайсы убакта экендиги эсимде жок.

У.Эгизбаев: Ошол учурда, ошондой сумма жөнүндө сөз болушу мүмкүн да ээ? Акыл коюп ой жүгүртсөң, жөн жерден сөз чыкпайт дегендей болуп жатат?

Р. Жээнбеков: Бул перссага эмес, бирок алгандары чын. Бирок далилдеш кыйын. Барыбыз билчүбүз, Дүйшөндүн алганын барыбыз укканбыз. Абдрахмановдун Текебаевдин иш бөлмөсүндө орустар менен жолукканы чын. Жолуккан жолукпаган эмес деген маселе жок. Жолукканы чындык. Болгону убакыт боюнча гана

адашып жатышат. Андан бери 7 жыл өттү, андыктан убакыт боюнча бардыгы тең эле адашат да.

У.Эгизбаев: Бирок факт болгон?

Р. Жээнбеков: Факт болгон. Бул тууралуу мен дагы билем. Бирок Абдрахманов барып келээри менен эле жолугуп келдик, эки киши келип, "Магаком" боюнча сүйлөштүк деп. Майда чүйдөсүн айткан эмес. Ал учурда мага караганда Текебаев менен Адрахманов экөөнүн мамилеси жакшы болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277551

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.