Бабановдун "Коопсуз шаары" же ал кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кантип сыйлады

  04.10.17   13:23
 109

2012-жылы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын өкмөтүнүн башында турганда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга аракет кылган. Бирок башын баштаганы менен аягына чыккан эмес. Кийинчерээк долбоорду ишке ашырууда коррупциялык элементтер байкалган.

Учурда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов долбоорду ишке ашырууда жана башка процедураларында анын эч кандай катыштыгы жок экендигин айтууда. Бирок Бабанов долбоорду ишке арышуунун артында гана турбастан аны ишке ашыруу үчүн Кытай компаниясы менен өзүнүн адамдары аркылуу сүйлөшүүгө барган, Бишкекте жана Ошто "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Россиянын жарандарын тапанча менен сыйлаган.

Ага 2012-жылдын 14-майында чыккан өкмөттүн токтому далил.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруудагы кошкон салымы үчүн Glock 17, Glock 19, Tanfoglio Stock II, SIG-Sauer Р 226 X-Six и Ruger LCP 380 Auto тапанчалары менен 24 адам сыйлансын",- деп жазылган анда.

Сыйлык алгандардын бардыгы Россиянын жарандары. Алардын бири Васильев Михаил Владимирович Россиядага уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери катары таанымал.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын тактамасында Кыргызстандын ошол кездеги өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов тарабынан Васильев 2012-жылдын 14-майында Glock -19 үлгүсүндөгү курал менен сыйлангандыгы жазылган.

2012-жылы өкмөт аталган долбоорду ишке ашырууга аракет кылган. Долбоор өзүнө Бишкекте , Ошто жана Бишкек-Каракол жолунда видео байкоо жүргүзүү, видеого жана фотого тартып калуу сыяктуу системаны камтылмак. Андан тышкары кылмыштуулукту каттоо боюнча ИИМге караштуу бирдиктүү электрондук борбор түзүлмөк.

Анда өкмөттү Өмурбек Бабанов жетектеп, ИИМдин башында Зарылбек Рысалиев турган. Тендер өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков болгон.

Тендерден Кытайдын Beijing Construction Engineering Group International Co компаниясы жеңип алган. Ал кызмат көрсөтүүсүн 4 миллиард 56 миллион сомго баалаган ( ошол кездеги курс менен 85 млн доллар). Компания менен макулдашууга кол коюлуп, анын негизинде чогулган айып пулдун 70 пайызы аларга которула тургам болгон. Beijing Construction өз каражатына видео байкоолорду орнотуп, сунуштарды эске алуу боюнча электрондук китеп түзүү милдетин алган.

Бирок 2013-жылы Юстиция министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн макулдашууга терс баа берген. Ошол кездеги өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн Кытай компаниясы менен алдын ала сүйлөшүүгө барганы аныкталган. Жыйынтыгында "Коопсуз шаар" долбоорунун баасы жасалма түрдө 85 миллион долларга чейин көтөрүлгөндүгү аныкталып, долбоор ишке ашпай калган. Муну Юстиция министрлиги өлкөгө моралдык жана материалдык чыгып алып келүү деп баалаган.

Ошол кезде министр Рысалиевдин ордуна келген Шамиль Атаханов кытайлык компания менен кызматташуудан бир тараптуу баш тарткан. Жыйынтыгында сот келишимди жокко чыгарган.

Ал эми наркы жогору турган макулдашууну бекиткен ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов болгон.

2012-жылы Бабанов өкмөттүн башында турганда унааларды техникалык көзөмөлдөн өткөрүүнү милдеттендирүү жокко чыгарылып, унааларга ишеним кат берүү жана жол көзөмөл кызматынын стационардык тосмолорун жокко чыгарылган. Мунун негизинде өлкөдө жоголгон унааларды издөө кыйынчылык жаратып, жол кырсыгы жана унаа уурдоо фактылары көбөйгөн.

Статистика боюнча 2012-жылы Кыргызстанда Бабанов тарабынан жогорудагы нормалар жокко чыгарылгандан кийин жол кырсыгы 2011-жылга салыштырмалуу 20,6%га жогорулаган. Бирок учурда шайлоочулардын алдында Бабанов тарабынан булардын бири дагы айтылган жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277555

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.