"Өнүгүү-Прогресстин" кемесиндеги көтөрүлүш. Матростор капитанына нааразы

  04.10.17   15:05
 125

Бүгүн, 4- октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйыны учурунда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын штабынын мүчөсү Чинара Жамгырчиева алар тарабынан президенттик шайлоого сунушталган талапкер өлкө башкарууга татыксыз экендигин айтты.

Жамгырчиеванын айтымында, ал ар дайым колдоо көрсөтүп келген лидери үмүтүн актаган жок. Тактап айтканда Бакыт Төрөбаевдин ар кайсы саясий фигуралар менен биригиши аны ирээнжиткен. Партия лидери алгач Камчыбек Ташиев, андан соң Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков менен бириксе, учурда Өмүрбек Бабанов менен бир кемеде.

Анын Бабанов менен биригүүсүнө Төрөбаевдин штабдын кызматкерлерин жана облустардагы үгүтчүлөрдү каржылоого каражаты жетпегендиги себеп болгон.

Белгилей кетсек, жыйын башталганча партиянын штабынан жыйынга келген адамдар партиянын мүчөлөрү эмес экендигин журналисттерге кабарлашкан.

"Төрөбаевдин шайлоо штабына партиянын айрым мүчөлөрү лидерге нааразычылыгын билдирип жыйын өткөрө тургандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин борбордук штабынан анын оппоненттери тарабынан талапкердин саясий репутациясын каралоо үчүн жасалган кезектеги провокация экендигин билдирет. Партиянын мүчөлөрү эч качан мындай кадамга барбайт. Андыктан биз бул кыймыл-аракетти провокация катары баалайбыз", - дейт штабдан.

Маалымат жыйынына чогулгандарды саясий буйрутманы аткарып жатат деген билдирүүгө жооп катары Чинара Жамгырчиева, ага "Өнүгүү-Прогресс" тарабынан берилген партия күбөлүгүн көрсөттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277556

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.