Жекшеев: Бабановдун элдин 65 пайызы колдойт деген ишеними саясий жеңил ойлуулук

  04.10.17   16:11
 60

Бабановдун элдин 65 пайызы колдойт деген ишеними саясий жеңил ойлуулук жана коомду адаштыруунун аракети. Мындай пикирин агенттикке коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

Анын айтымында, учурда коомчулуктун пикири ар бир секунд сайын өзгөрүүдө. Андыктан кайсыл бир талапкер 100 пайызга добуш чогултуп, жеңип чыгат деп алдын-ала айтууга кыйын.

"Учурда шайлоонун жыйынтыктары тууралуу эч ким жоромолдой албайт. Так жооп берүүчү социалдык сурамжылоону өлкөдө эч ким жүргүзгөн жок. Албетте, кыска форматтагы сурамжылоолор жүрүп жатат. Бирок алардын жыйынтыгын чындыкка дал келет деп айтуу кыйын. Эл ар бир талапкерди карап, тандоосун секунд сайын өзгөртүп жатат. Андыктан Бабановдун мени калктын 65 пайызы колдойт деген билдирүүсүн чындык катары кабыла алууга болбойт.Бул ал тараптан жасалып жаткан кезектеги пиар деп койсок болот. Мындай кадам менен ал коомчулуктун сөзүнө алынып, өзүнүн ишенимдүүлүгүн көрсөткүсү келүүдө",- деди ал.

Коомдук ишмер мындай билдирүүнү саясий жеңил ойлуулук катары бааласа боло тургандыгын айтты.

"Өлкөгө үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Шайлоочулар ар бир талапкердин программасы менен таанышып жатат. Андыктан чогулган элдин барынан тең эле колдоо күтө бербеш керек. Мындай жерлерге баруу эл үчүн кызык болушу мүмкүн", - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы катары жарандардын өз эрки менен эркин добуш берүүсү үчүн шарттарды камсыз кылып жана тыштан кандайдыр бир кысым көрсөтүүдөн коргоо анын милдети экендигин айтты.

"Шайлоочулар ошондой эле аларга жалган маалыматты таңуулоо аракетинен корголууга тийиш. Президенттик шайлоолордун жыйынтыгынын маанисин жана алардын өлкөнүн тагдырына таасирин эске алуу менен, коомдук пикир менен монупуляциялоо Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугуна жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши ыктымал", - деди президент.

Ошондой эле президент талапкерлердин бири аны калкты 65 пайыз колдой тургандыгы тууралу пикирди коомго сиңирүүгө аракет кылып жаткандыгына кооптонуп жаткандыгын айтты.

"Тилекке каршы, талапкерлердин биринин эч нерсе менен ырасталбаган "калктын 65%" биринчи турда эле" ага "добуш берүүгө даяр" имиш тууралуу маалыматты коомго таңуулоо аракети мына ушуга мисал болуп саналат. Жарандарды деструктивдүү аракеттерге тартуудан коргоо максатында коомчулукка реалдуу маалыматты жеткирип коюуну маанилүү деп эсептейм. Атап айтканда Кыргызстандын алдыңкы социологиялык кызматтары тарабынан 2017-жылдын март айынан октябрга чейин жүргүзгөн социологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277558

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.