Бишкекте "Кыргызстан элинин намысын сатууга жол бербейбиз" акциясы өттү

  05.10.17   11:32
 69

4-октябрда Ч. Айтматов атындагы паркта патриот коомдук бирикмелердин жыйыны өттү. Жыйынга чогулгандар кыргызстандыктарга төмөндөгүдөй кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер жана шайлоочулар!

Шайлоо алдында бир катар коомдук уюмдар жана бирикмелер "Кыргызстан элинин намысын сатууга жол бербейбиз" деген ураандын алдында биригүүдөн башка эч нерсе кыла алган жокпуз.

Тилекке каршы шайлоо жакындаган сайын биз ар кандай көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз. Шайлоодо добуштарды сатып алууга багытталып уюштурулган түйүдөр тууралуу маалыматтар байма-бай келип түшүүдө.

Ар бир добуш үчүн 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин убада кылып жатышат. Шайлоодон жеңип чыгуу үчүн 1 млн 100 миң добуш алуу керектигин эске алсак, анын барын сатып алууга 3 төн баштап 8 млрд сомго чейин каражат жумшалат экен. Тактап айтканда Кыргызстандын келечегин чечүү үчүн 8 млрд гана сом жетиштүү. Бул биздин эгемендүүлүгүбүздүн баасы.

Кыргызстанда эркин айланууда мынча акча жок. Биздин пикир боюнча добуш сатып алууну көздөгөндөрдүн мынча акчаны табуусу үчүн эки жолу бар.

Биринчи: Чет элдик олигархтардан акча алуу. Ал эми кайтарымсыз акча берүүгө кайсы олигарх даяр? Албетте, Кыргызстандын жаратылыш ресурстары аркылуу төлөнөт. Кен казуучу жайлар, эс алуучу жаратылыш жайлары, гидроресурстар, мөңгүлөр, ГЭСтер жана башкалар. Мындан бир нече жыл мурун Максим Бакиев кен казуучу жайларды чет элдик жарандарга арзыбаган акчага саткан. Азыр дагы ошол нерсе кайталанышы мүмкүн. Биз шайлоого карата Кыргызстанга чет элдик олигархтардын келе тургандыгын жана айрым талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзө тургандыгын уктук. Талапкерлердин бири муну өзү көрсөттү. Маселен, анын коңшу мамлекеттин президенти менен жолугуп, анын алкоосун алышы Кыргызстан элин кыжырлантпай койбойт. Ошондой эле жеңишке жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө барып, аларды жалдаган учурлар дагы болуп жатат. Эгерде 15-октябрда чет элдиктердин акчасына таянып, уюшкан кылмыштуу топтор менен сүйлөшүүгө барган талапкер жеңишке жете турган болсо, Кыргызстандын көз карандысыздык үмүтү өчтү дегенди билдирет. Мындай жол менен жеңишке келген өлкө башчы элди тоноп, карызын өтөгөнгө аракет кылат.

Экинчи: Ошондой эле талапкерлердин бири шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда Казакстанды ооздон түшүрбөй келет. Албетте, Казакстандын жетишкен ийгиликтери көп. Бирок Казакстандын гана эмес көптөгөн мамлекеттердин бюджети нефтедоллардан турат.

Эгер башкаларда мунай болсо, Кыргызстанда суу ресурсу бар. Кыргызстан эч качан тизе бүгүп, кул болгон эмес. Элди, добушту акчага сатып алуу аракетинин арты жакшы болбойт. Биз улуттун намысын сатууга жол бербейбиз.

Мекендештер!

Акчага алданбайлы. Акча эртең эле түгөнөт. Ал эми таза эмес жол менен келген каражат эч кимге буйрубайт. Мекен бирөө гана. Жакшы сөзгө алданбайлы! Эгер кимдир бирөөнүн добуштарды сатып алып жатканын көрсөңүздөр кайдыгер карабастан видеого тартып, интернетке жүктөңүздөр. Укук коргоо органдарына кайрылуу менен мындай мыйзам бузууларды жокко чыгара алабыз. Шайлоо күнү чөлкөмдөрдө добуш берүүнү көзөмөлдөп, добуш сатып алууга тоскоолдук жаратуу аракетин жасайбыз.

Урматтуу президент Алмазбек Шаршенович! Урматтуу премьер-министр Сапар Жумакадырович!

Биз сиздерден шайлоодо жана шайлоодон кийин баш аламандыкка жол бербөө үчүн болгон конституциялык укуктарыңыздарды колдонууңуздарды суранам. Кыргызстандын чет элдик байларга сатылып кетишине жол бербейбиз. Улуттун намысын сатууну каалабайбыз. Биз Кыргызстандын көз карандысыздыгына

ишенебиз. Жашасын көл улуттуу кыргыз эли. Жашасын Кыргызстан!

Катышкандар:

1. "Кыргызстан Аксакалдар кеңеши";

2. Афган согушунунардагерлер кеңеши;

3. Баткен согушунунардагерлер кеңеши;

4. "Ашаркозголуш" коомдук бирикмеси;

5. "Достоинство" Кыргыз чоролору коомдук бирикмеси;

6. "Люстрация" коомдук бирикмеси;

7. Мекеншейиттери" коомдук бирикмеси;

8. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси;

9. "Таймаш" федерациясы;

10. "7 апрель баатырлары" коомдук бирикмеси.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277559

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.