"Эль-Пикир" борбору Бабановдун рейтингинин төмөндөө себептерип айтты

  05.10.17   10:22
 81

"Эл-Пикир" коомдук пикирди изилдөө борборунун жетекчиси Эльвира Илибезова, акыркы күндөрү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун рейтинги төмөндөп кеткендигин маалымдады.

"Биздин компания Кыргызстандагы кадыр барктуу социалдык кызматы болуп саналат. Биз бул рынокто 1999-жылдан бери заманбап ыкмаларды колдонуу менен иштеп келебиз. Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган материалдар биздин кызмат тарабынан даярдалган. Акыркы күндөрү Өмүрбек Бабановду артка таштап, Сооронбай Жээнбековдун рейтинги өсүүдө. Мындай жыйынтыкка келүү боюнча менин өзүмдүн гипотезам бар. Маселен, Назарбаев менен болгон жолугушуусу электоратка жаккан жок. Оштун Он-Адыр айылындагы сүйлөгөн сөздөрү, шериги Канат Исаевдин камакка алынышы талапкер Бабановдун рейтингин төмөндөттү.

Бабанов бийлик менен конфликтке барбаган, коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылган перспективдүү жаш бизнесмен болуп турганда, аны коом жактыруу менен кабыл алган.

Бирок жакын арадан бер ал элди козутууга аракет кылып, революционерлердин кийимин кийе баштагандан бери электораттын ишениминен кете баштады. Кыргызстанда эл коркуп калган, революция кылууну эч ким каалабайт. Андыктан Бабанов тарапташтарын жогото баштады.

Биздин баа берүүбүз боюнча коомдун деңгээли 2010-жылдагы парламенттик шайлоого, 2011-жылдагы президенттик жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу жогорулаганы байкалды. Коом саясий жана экономикалык туруктуулукту сезүүдө. Шайлоо компаниялары мамлекетти өнүктүрүү, экономиканы жогорулатуу, иш орундарын камсыз кылуу, маянаны көтөрүү сыяктуу программаларга көбүрөөк басым жасашы керек",- дейт Илибезова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277562

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.