Эл аралык террорчулук уюмдун мүчөсү кармалды

  05.10.17   11:32
 48

Террорчулукка каршы иш чаралардын жүрүшүндө УКМК эл аралык террорчулук уюмдун мүчөсүн, 1994-жылы туулган Жалал-Абаддын А.А аттуу тургунун колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы жаран Сириядагы согуш лагерлердин биринен террорчулук уюштуруу боюнча даярдыктан өткөн жана өкмөт аскерлерине каршы согуштук аракеттерге катышкан. Ал Кыргызстанга келип, террордук акция жасоого даярданып жаткан.

Учурда УКМК тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 375-беренесинин 2- бөлүмүнө (карасанатайлык) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277563

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.