Саясатчылар кандай убадаларды беришти жана канчасын аткарышты?

  05.10.17   16:04
 71

Учурда иштеп жаткан интернет сайтка ылайык, бардык чиновниктер байкоого алынды. Бул тууралуу шайлоого мониторинг жүргүзүү шайлоо системасын реформалоо багытындагы тегерек стол учурунда "Политмер" интернет сайтынын координатору Эркин Мамасалиев билдирди.

Аталган ресурс "шайлоо системасын реформалоо боюнча жарандык коомчулуктун демилгеси" долбоорунун негизинде ишке ашкан. Каржылоо Европа биримдиги аркылуу жүргүзүлүүдө. Анын алкагында коомдук маалымат компаниясы уюштурулуп, шайлоо процесстерин коомдук секторлор аркылуу байкоого алуу негизделген.

Долбоорду 5 өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырууда. Алардын башкы максаты- шайлоо программасына жардам берүү.

"Башкы максат шайлоо системасынын маалымат менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүү. Эң башкы максаттардын бири шайлоого байкоо жүргүзүү. Ал кыска жана узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн негизинде ишке ашат. Узак мөөнөтүү байкоо сентябрда башталган. Ал эми кыска мөөнөттүү байкоо шайлоо күнү жүргүзүлөт", - дейт "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюмунун өкүлү Улан Дастан уулу.

Аталган долбоордун алкагында бардык саясатчылардын сүйлөгөн сөздөрү жана берген убадалары байкоого алынган. Бул убада берген саясатчынын сөзүнө канчалык тура тургандыгын аныктоонун бирден бир жолу.

"Бизде учурда 170 персон, 15 партия, 1200дөн ашык убадалар жана 3 миңге жакын жазуулар бар. Башкы бетке акыркы берилген убадалар жайгаштырылган. Аларга автоматтык түрдө датасы, мөөнөтү жана аткарылышы коюлган. Ар бир персонго берген убадасы менен биргеликте профайл түзүлөт. Андан тышкары анын рейтинги белгиленип, сайтты колдонуучулардын берген добушу аныкталат. Сүрөт ар дайым өзгөрүп турат",- дейт интернет сайт долбоорунун координатору Эркин Мамасалиев.

Белгилей кетчү жагдай, аталган ресурс колдонуучулардын өлкөдө эң көп убада берген адам ким экенин аныктоосуна шарт түзөт. Сайтта көпчүлүгү чиновниктердин берген убадалары жайгаштырылган. Билдирилген өзгөрүүнүн негизинде убада канчалык деңгээлде аткарылды же аткарылган жок байкоо жүргүзүлүп турат.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын алсак, өлкөдө убада бергендердин саны арбын экендигин билүүгө болот.

Андан тышкары баракчада тигил же бул адамдын активдүүлүгү дагы көрсөтүлөт. Маселен, активдүү, орто активдүү жана эң пассивдүүлөр тууралуу дагы билүүгө болот. Өкмөттө берген убадаларды аткаруу боюнча билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева турат. Ал 17 убада берип, анын 8ин аткарган. Андан соң премьер-министр Сапар Исаков 13 убада берип, анын төртөөнү аткарган. Андан тышкары президенттикке талапкерлер тууралуу дагы маалымат киргизилген.

"Биздин максаттардын бири жаңы саясий маданиятты иштеп чыгуу. Ошондо гана саясатчылар убада берип тим болбостон аны аткарууга аракет кылышат. Аталган долбоор саясатчылардын кооз сүйлөп гана тим болуусуна жол бербестен, алардын берген убадасын аткаруусуна мажбурлайт", - дейт Мамасалиев.

Убакыттын өтүшү менен чиновниктер алардын берген убадаларына коом байкоо жүргүзүп тураарын түшүнүшөт. Ал эми шайлоодо калк ашыкча үгүткө эмес, кимдин эмне иш аткарганына жана аткара ала тургандыгына ишенип калат. Мунун негизинде эл тигил же бул кызматка ким татыктуу экендигин так аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277565

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.