Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштай тургандыгын айтты

  05.10.17   17:31
 119

Кечээ, КТРКнын эфириндеги президенттикке талапкерлердин дебаты акыркы учурдагы рейтинги эң жогору болгон программалардын бири болду. Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган Бабанов, "Бакиевдин заманында сиз оппозицияда жүргөндө ушул эле КТРК сөз бербей, каралаган. Ошол абалда азыр мына мени каралап жатат"-деген пикирин билдирди. Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуулары менен коштолгон теледебатта Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштай тургандыгын айтты.

"Сени мен балапан кезиңден билем, 2005-жылдан баштап кандай болгонуңду. Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем. Өзүң баштадың, айтпайын дедим эле. Эл колдоп президент болуп калсам, ошол миллиарддарды бюджетке төктүрөм. Мугалимдин айлыгын ошол менен көтөрөм. Ошондой коррупционер деп эсептелген 35тей киши бар. Баарын фамилиясына чейин менен билем. Мен сага айттым 25 суроом бар деп, ошого айлап-жылдап жооп бересиң" деп жооп кайтарды Жээнбеков.

"Мен сизге эч качан балапан болгон эмесмин",- деген Бабанов Жээнбековду сыйлап-урматтап сүйлөөгө үндөдү. Ал дайыма бизнесте жүргөндүгүн айтып, аны мурдагы бийлик куугунтуктап, камай албагандыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бир нече жума мурун талапкер Бабановго карата мүлкүнөн ажырап калган адамдар тарабынан олуттуу нааразычылыктар айтылган. Бул жерде "АКБ Кыргызстан" Военно-Антоновкадагы унаа базары тууралуу сөз болууда.

Кечээ, маалымат жыйынын өткөргөн укук коргоочу Калича Умуралиева, Бабанов эмне себептен президент боло албай тургандыгын айткан. Ал "АКБ Кыргызстан" банкынын мурдагы акционери ким экендигин, аны өз учурунда баалуу кагаздарды сатууга мажбурлашкандыгын, ошондой эле мамиле финансылык мекеменин мурдагы жетекчиси Шарипа Садыбакасовага дагы жасалгандыгын билдирди.

" Максим Бакиев аттуу ханзаададан 60 пайыз акцияны негиздөө тапшырмасы келген. Эң коркунучтуусу Садыбакасованы ошол 60 пайыз акцияны жыйноого мажбурлашкан. Ал ар бирине барып акциясын сатууну суранган",- деди ал.

Ага карат ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болгонун кошумчалады. Азыр маалым болгондой "АКБ Кыргызстан" банкы Бабановдун тууганына таандык. Ошондой эле банк учурда айрым министрликтерге жана ведомстволорго кызмат көрсөтөт.

Ага чейин Бабановго карата мурдагы олигарх Борис Воробьев өзүнүн нааразычылыгын билдирген. Ал учурда "Риом авто" деп аталган унаа кармоочу базардын мурдагы жетекчиси. Өз учурунда экс-депутатка кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан аны кыймылсыз мүлкүнөн ажыратышкан. Воробьев сот тарабынан акталып, менчик ээси катары унаа базарына болгон укугун кайра алган. Учурда анын колунда бардык тиешелүү документтер болгонуна карабастан, ага таандык жер тилкесин кайра ала албай келет. Воробьев сотто чындыкты издеп жүргөндө, "Риом авто" колдон колго өтүп кеткен. Учурда аталган объектиге Бишкектин борборуна "Азия Молл" соода борборун курган компания ээлик кылат. Аталган фирма дагы Бабановдун тууганына таандык.

Кыргыз басылмаларынын бирине жарыяланган Россиялык саясат таануучу Сергей Михеевдин пикиринде акыркы болгон окуялардын негизинде учурда Сооронбай Жээнбековдун шансы жогору. Тактап айтканда, Бабановдун жакындарынын бири депутат Канатбек Исаевдин өлкөдө баш аламандык чыгаруу аракети анын рейтингин бир топ эле төмөндөттү. Андан тышкары мыйзамда тыюу салынганына карабастан Казакстандын президенти менен жолугушуусу, чет элдик олигархтар менен сүйлөшүүлөргө барганы дагы себеп болду. Бабановдун Ошто эл алдында сүйлөп жатып 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуунун чыгуусуна себепкерлердин бири болгон Кадыржан Батыровдун сөзүн кайталашы анын аброюн төмөндөттү.

Андыктан Бабановдун биринчи айлампадан эле калктын 65 пайыз добушуна ээ болом деген пикири акылга сыйбагандык. Анын коомчулукка таңуулап, ойлоп чыгарган рейтингин президент Атамбаев дагы жокко чыгарды. Андыктан мамлекет башчы бул тууралуу атайын билдирүү тараткан.

"Тилекке каршы, талапкерлердин биринин эч нерсе менен ырасталбаган "калктын 65%" биринчи турда эле" ага "добуш берүүгө даяр" имиш тууралуу маалыматты коомго таңуулоо аракети мына ушуга мисал болуп саналат. Жарандарды деструктивдүү аракеттерге тартуудан коргоо максатында коомчулукка реалдуу маалыматты жеткирип коюуну маанилүү деп эсептейм",-дейт Атамбаев өз кайрылуусунда .

Акыркы социалдык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында учурда Сооронбай Жээнбеков алдыда. Ага Кыргызстан жарандарынын 40 пайыздан жогорусу добуш берүүгө даяр. Экинчи орунда Бабанов, ага калктын 20 пайызы добуш бере тургандыгын айткан. Демек, бул Бабановдун пиар компаниясы электоратты башын айланткысы келип жаткандыгынан кабар берет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277566

 Комментарийлер:
#1 Азамат
2017-10-06 20:14:36 Цитата / 0 / -

Бул жактан да каралап жатасынар буга чейин неге жайзпайсынар Вечерний Бишкек

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.