Бабановдун аткарылбаган убадалары

  06.10.17   12:04
 83

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекет башчысы болуп калса Кыргызстандыктарды эки эсеге байытып, мамлекетти 6 жылда бат өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кошууну убада кылды.

"Биздин максат ар бир Кыргызстандыктын жашоо шартын 2023-жылга чейин эки эсеге көтөрүү. Бир жылдын ичинде ичи дүң өндүрүмдү азыркыдай 3,8%га эмес, эң аз дегенде 12%га көтөрүү. Унундай жол менен 2023-жылы КРнын ички дүң өндүрүмүн 13,6 млрд долларга жеткирүү керек. Ал эң аз дегенде ТРИЛЛИОН сомду түзүп, азыркыдан 2,1 эсеге көп болот", - деди Өмүрбек Бабанов.

Бирок талапкер вице-премьер жана премьер-министр болуп турганда Кыргызстандын экономикасы тескерисинче төмөндөгөн. Демек анын учурда берип жаткан убадалары жөн гана элди адаштырууга кылган аракеттери. Буга мисал катары Бабановдун 2011-жылы өкмөттүн башына келгендеги экономикалык өсүштү алсак болот. Маселен, ошол жылы ИДӨнүн өсүшү терс динамиканы көрсөтүп, 108,5%дан 105,7%пайызга чейин кыскарган.

2012-жылдын январынан тартып, сентябрга чейин ИДӨнүн өсүшү 209,9 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 99,9%ды түзгөн. Тактап айтканда көрсөткүч -0,1% пайызды түзгөн.

Бабановдун премьерлигинин акыркы учурларында ИДӨ 99,9%ды түзгөн. Ал эми Бабанов өкмөттүн башына келээрде 108,5%да турган. Кыргызстанда ИДӨнүн төмөндөөсү 8,6%ды түзгөн.

Салыштырмалуу Темир Сариев учурунда ИДӨ январь-май айларында 6,9%ды түзгөн. 2015-жылдын жыйынтыгы менен же ал өкмөттүн башына келгенден 7 айдан кийин ИДӨ 3,5%га жеткен. Сариев өкмөт башчылыктан кеткен соң (январь-март 2016 ) ИДӨ 95,1%га төмөндөгөн.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн башына келгенде өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 95,1%да болгон. Бул эң төмөнкү көрсөткүч. Ал ИДӨнү 3,8%га чейин көтөрүүгө жетишкен. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен аталган көрсөткүч 7,8%га жеткен. Мындай жол менен Жээнбеков ИДӨнүн деңгээлин 96%дан 7,8%га чейин көтөрүүгө жетишкен. Ошондуктан Атамбаев Жээнбеков баштаган өкмөттүн курамын эң ийгиликтүү өкмөт деп атаган. Эксперттердин айтымында, учурда Жээнбековдун оппоненттери убада кылып жаткан иштерди ал унчукпастан эчак эле жасап койгон.

Ал эми Бабановун экономиканы көтөрүү боюнча берип жаткан убадасында ал кандай жол менен көтөрө тургандыгын так айтылган эмес. Экономика илимдеринин кандидаты С. Орозбаковдун айтымында, учурда Бабанов айтып жаткандарды чыныгы жашоодо ишке ашыруу өтө кыйын.Тажрыйба жүзүндө экономикасы бат өнүккөн саналуу гана мамлекеттер бар.

"Сиз эки жолу вице-премьер министр, бир жолу премьер-министр болуп турдуңуз. Бул эң чоң кызматтар. Бирок сиздин өкмөттү башкарууңузда экономиканын өскөнүн байкаган жокмун. Конституцияда экономика президенттин компетенциясына кирбейт деп жазылган. Анын сиз кантип аны жогорулатканы жаткандыгыңызды түшүнгөн жокмун. Андыктан сиз добуш алуу үчүн элди алдап жаткандай сезип жаралууда. Муну коомчулукка 8 пайыз үстөк менен насыя убада кылып, парламенттик шайлоодо дагы жасагансыз", - деди Орозбаков.

Дагы бир экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, 6 жыл аралыгында Бабановдун убадасын ишке ашыруу мүмкүн эмес.

"Ал айткан иштерин аткарууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок мисал катары Казакстанды эле алалы. Алар өнүгүүсү боюнча 49-орунда турат. Назарбаев 2050-жылы эң мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылган. Алардын күчтүү өндүрүштөрү, энергоресурстары бар, бирок ошого карабастан кыйынчылык жаралышы мүмкүн", - деди экономист.

Акенеев ошондой эле Бабановдун маянаны жогорулатуу тууралуу айткандарына дагы токтолду.

"Ал эң өнүккөн мамлекеттерде дагы орточо маяна 8 миң доллар экенин ойлонгон жок. Алардын бюджети профицит. Ошондо киреше чыгашадан 2-3 эсеге жогору болот. Демек эл бир айдан жүз миңдеген акча ала баштайбы? Андан көрө мындай убадаларды бербей эле койсо болмок",- деди эксперт.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Бабанов 10% ипотеканы жана дыйкандарга 7% менен насыяны убада кылган. Айрым эксперттердин пикиринде, мындай кадам мамлекеттин бюджетин чыгымга учуратып, өкмөттүн башка долбоорлорун дефицитке алып келген.

"Республика - Ата-Журт" партиясы кардиналдык кыскартуулар жөнүндө айтып, чиновниктердин саны эки эсеге кыскара тургандыгын, эки палаталуу парламент түзүлө тургандыгын убада кылган. Бирок андай болгон жок. Ошондой эле дыйкандарга арзан насыя убада кылыгын. Ал дагы "АКБ "Кыргызстан" аркылуу кечиктирилип берилди, айрымдар ала албай дагы калышты.

Жогорудагыларды эске алуу менен Бабановдун берген убадаларынын аткарылышына кепилдик жок экендигин айтса болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277568

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.