Президент: Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда көйгөй жаратчу маселе калган жок

  06.10.17   11:07
 58

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында, 5-октябрда, эки өлкө башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

Өзбекстан президенти аталган визит коңшу мамлекеттердин жана элдин байланышын бекемдөөгө шарт түзө тургандыгын баса белгиледи.

"Мындай жолугушууларды өткөрүү эки тараптуу өнүгүүнүн жаңы жолун издөөдөгү күчтүү саясий эркти көрсөтүп турат. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр биздин эң актуладуу маселелерди чечүүдөгү жана баа берүүдөгү окшоштугубузду жана жакындыгыбызды көрсөттү. Эгерде бүгүн тар жана кеңири чөйрөдө өткөн жолугушууларды айта кетсек, бизде көйгөй калган жок. Чындыгында көйгөйлөр көп , бирок эки өлкө башчынын саясий эркинин негизинде компромисске бардык.

Алардын бардыгы чечиле турган маселе. Кол коюла турган 12 документтен тышкары, бардык маселелерди толугу менен чечүү үчүн дагы

5-6 документти даярдооготапшырма берилди",- деди Мирзиёев.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк, ишенимди, жакшы коңшулаштыкты чыңдоо жөнүндө" декларацияга кол коюу, эки өлкө элинин негизги каалоосу. Борбор Азиядагы кырдаалды эске алуу менен сүйлөшүүнүн негизинде терроризм, экстремизм, диний радикализм менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Аскердик жана техникалык кызматташуунун артыкчылыктары аныкталды. Товар айлантууну мындан ары жакшыртуу маселесине басым жасалды.

Мирзиёев Атамбаевге "Манас" эпосунун озбек тилиндеги биринчи басылмасын белек кылды.

Ошодой эле ал, 15-октябрда Кыргызстанда өтө турган шайлоо тууралуу өз пикирин билдирди.

"Акылман кыргыз эли татыктуу адамды өлкө башчы катары шайлай тургандыгына ишенем. Бул жыл аралыгында Алмазбек Шаршеновичтин жетекчилиги алдында маанилүү иштер жасалды. Эң негизгиси мамлекетте тынчтык орноп, адамдарда эртеңкиге ишеним бар. Мындай көрүнүш сакталып калышын мен абдан калайм",- деди Шавкат Мирзиёев мамлекет башчыга ыраазычылык билдирип.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев дагы Шавкат Мирзиёевге достук жана бир туугандык мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сизди көргөндө бир тууганымды көргөндөй болом. Сиз мага бир туугандай эле болуп калдыңыз. Сиз айткандай буга чейин чыр-чатактын, талаш-тартыштын, атышуунун чек арасы болуп келген чек ара эми достук чек арасына айлансын. Биздин ата-бабалар чек араны Кокон хандыгынан чогу сактап келишкен. Мен үчүн бул абдан маанилүү. Анткени 6 жылдык кызматымда Өзбекстандын чек арасы менен чыр-чатактар катталганда уйкусуз түндөргө кабылгам", - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле ал, жакында президенттикке талапкерлердин бири чек аранын чечилбеген тилкелерин басып алууну сунуштагандыгын айтты.

"Андыктан чек аранын такталбаган бөлүктөрү популисттерди акылга сыйбаган ишке түртүп жатат. Талаш аймактар, суу үчүн согуш чыгып кетүү ыктымалы тууралуу сөздөр жүрүп жатканда чек ара маселесин чечип, Камбар-Ата 1 ГЭСи талашка түшпөстөн бирдиктүү аракет менен курулушу керек деген сөздөрдүн болуп жатышы биринчи кезекте сиздин эмгегиңиз. Бул тарыхый чечим. Биздин эл үчүн эң башкысы тынчтык жана туруктуулук" деди Атамбаев.

Ошондой эле өлкө балчы Өзбекстан президентине биринчи жолу өзбек тилине которулган "Манас" эпосунун китебин белек кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"2010-жылдагы трагедиялуу окуядан кийин улуттчулдар башын көтөргөндүгү сыр эмес. Азыр эле алар интернационалист боло калышты. Анткени биз улутчулдарды, сепаратиздерди камап жатабыз. 3 адам улуттар аралык козутуу үчүн кесилди. Ошол учурда мен "Манас" эпосун барактап, улутчулдукту кантип токтотуу керек экендигин ойлонгом. Мен андан "Курама жыйып журт кылдым" деген саптарды таптым. Ошондо кыргыздар бул сөздүн маанисин, башынан көп улуттуу калк экенибизди түшүнүүсү үчүн демөөрчүлөрдү таап, өзүм дагы салым кошуп, борбордук "Ала-Тоо"аянтына Манастын эстелигин орноттурдум. Биз эч качан көзүнүн чоң, кичинесине терисинин түсүнө карап адамдарды бөлбөшүбүз керек. Мен мындан ары энелердин көз жашы төгүлбөйт деп ишенем жана буга сиздин кошкон салымыңыз чоң",- деди мамлекет башчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277569

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.