Вице-премьер Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

  09.10.17   10:33
 102

Учурда Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында 500дөн ашык адам вице-премьер Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулду.

Жумакадыровдун жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшүү үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Бишкек мэри Албек Ибраимов жана башкалар келишкен.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт. Вице-премьерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө автоунаалар үчүн жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Эскерте кетсек, 7-октябрь күнү эртең менен Темир Жумакадыров шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн иш сапар менен Талас облусуна бара жатып, Бишкек - Кара-Балта жолунан кырсыкка кабылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршылаш тилкесине чыгып кеткен. Анын кесепетинен вице-премьер министрдин "Тойота Ландкрузер" үлгүсүндөгү унаасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277570

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.