Бакыт Төрөбаев шайлоого катышуудан баш тартты

  06.10.17   16:46
 69

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер катары ат салышуудан баш тартты. Бүгүн, 6-октябрда Төрөбаев БШКга арыз жолдоду.

Эскерте кетсек, буга чейин Төрөбаев, Бабанов менен сүйлөшүүгө барып, ал президент болсо, Төрөбаев премьер болуу макулдугун берген.

Эксперттер мындай кадам менен Төрөбаев өзүнүн саясий карьерасына балта чаап алгандыгын айтышууда.

Аналитиктердин айтымында, шайлоодон кийин "Өнүгүү-Прогрес" партиясы тарап кетиши ыктымал. Анткени лидерге карата партиянын бир топ мүчөлөрү нааразычылыктарын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277571

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.