Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзү экспертизалык иликтөөгө алынууда

  09.10.17   10:01
 153

БШК азырынча Турсунбек Акундун президенттикке талапкер Бабановдун айткан сөзүнө карат берген арызын карай элек. Көптөгөн тандоочулардын баамында, Ошто шайлоочулар менен жолугуу учурунда, саясатчы чоң ката кетирген. Анын сүйлөгөн сөзүндө улуттар аралык мамилени чыңалтуучу пикирлер айтылган.

Учурда БШК экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө. Бабановдун андагы айткандары көз карандысыз адистер тарабынан иликтөөгө алынууда. Алар президенттикке талапкер тарабынан айтылгандар чагымчыл маанайда айтылганбы жокпу, изилдөөгө алышат.

Эскерте кетсек, Бабанов Ошто этникалык өзбектер менен жолугуу учурунда "Тизе бүгүп жашагандан көрө тик туруп өлгөн жакшы", деп айткан. Муну көпчүлүк саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандар улуттар аралык мамилени козутуу катары баалашууда. Өмүрбек Бабанов 2010-жылы Кадыржан Батыровдун айткандарын кайталоодо деген пикирлер айтылууда.

БШКдан "ВБ"га билдиргендей, улуттар аралык мамилеге байланыштуу мындай кырдаалдын чечилишине алар дагы кызыктар. Эгерде экспертизалык топ тарабынан Бабановдун сүйлөгөн сөзүндө улуттар аралык мамилени козутуучу маанайдагы белгилер байкалса, анын президенттикке ат салышуу укугун чектөөгө олуттуу негиз болуп калышы мүмкүн.

Бирок РАЖдын лидери жана анын саясий өнөктөшү тарабынан улуттар аралык мамилени бузууга жол берүүчү башка дагы аракеттер көрүлгөндүгү маалым. Бабанов жана Төрөбаев фракция лидерлери катары кыргыз-өзбек чак ара аймактарын тактоо боюнча ратификациялык макулдашууну бузууга аракет кылган.

Көптөн бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси бир гана Ташкент менен Бишкектин ортосунда көйгөй жаратпастан, эки элдин достук мамилесин дагы бузуп келген. Андыктан Кыргызстандын 1200 чакырымдан ашык жерин тактоо боюнча маанилүү макулдануунун кабыл алынышына тоскоолдук кылуу аракеттерин саясатчылар чагымчылдык катары баалашууда.

Бирок парламентте көпчүлүктүн добушу менен макулдашуу жактырылды. Ал эми өткөн жумада мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкө башчылары аталган документке кол коюшту. Алмазбек Атамбаев бул анын жашоосундагы эн бактылуу күндө экендигин айтып, жашырган жок.

Атамбаевдин айтымында, анын башкаруусундагы 6 жыл аралыгында кыргыз-өзбек чек арасында чыккан конфликттерден улам, уйкусуз түндөрдү да өткөргөн. Мындай көрүнүштөрдү сырткы күчтөрдөн тышкары жергиликтүү саясатчылар дагы ырбатып келишкен.

"Алар чоң зыян алып келиши мүмкүн болчу. Эсимде, бир жолу саясатчыларыбыздын бири, учурдагы президенттикке талапкер чек аранын талаш аймагын күч менен тартып алууну сунуштаган", - деди президент.

"2010-жылдагы трагедиялуу окуядан кийин улутчулдар башын көтөргөндүгү сыр эмес. Азыр эле алар интернационалист боло калышты. Анткени биз улутчулдарды, сепаратиздерди камап жатабыз. 3 адам улуттар аралык козутуу үчүн кесилди. Ошол учурда мен "Манас" эпосун барактап, улутчулдукту кантип токтотуу керек экендигин ойлонгом. Мен андан "Курама жыйып журт кылдым" деген саптарды таптым. Ошондо кыргыздар бул сөздүн маанисин, башынан көп улуттуу калк экенибизди түшүнүүсү үчүн демөөрчүлөрдү таап, өзүм дагы салым кошуп, борбордук "Ала-Тоо"аянтына Манастын эстелигин орноттурдум. Биз эч качан көзүнүн чоң, кичинесине терисинин түсүнө карап адамдарды бөлбөшүбүз керек. Мен мындан ары энелердин көз жашы төгүлбөйт деп ишенем жана буга сиздин кошкон салымыңыз чоң",- деди мамлекет башчы.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чыңалган мамиле түзөлүп, достук мамилеге айланды. Ири өткөрүү пункттары ачылып, эки өлкө эли эркин соода сатык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мамлекет башчылары өнөктөштүк жана коңшулук мамилени мындан ары дагы бекемдөөгө ниеттенүүдө. Мунун Өзбектан президенти өз сөзүндө дагы бир нече ирет баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277573

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.