Патриоттор шайлоодо баш аламандыкка жол бербейт

  09.10.17   13:24
 49

Өмүрбек Бабановдун 28-сентябрда Оштун Амир-Темур кичи районунда өзбек улутундагы жарандар менен болгон жолугушуусунда "Тизе бүгүп жашагандан көрө тик туруп өлгөн жакшы",- деп айткан сөзү катуу сынга алынды.

Түштүктүн тургундары талапкердин мындай билдирүүсүн сепаратисттик лозунг катары баалап, Ош-Жалал-Абадда эл митингге чогулуп, бийликтен айткан сөзү үчүн Бабановду жоопко турууну талап кылды. Ал эми Оштун эли аймакта улуттар алалык чыр-чатактын чыгып кетүүсүнө жол бербей тургандыгын айтышууда.

"Абал туруктуу, ар ким өз иши менен алек. Өмүрбек Токтогуловичтин мындай билдирүүсү облуста анча мынча чыңалууну пайда кылды. Чындыгында эле президенттикке талапкерлигин коюп жаткан адамдан эл улуттар аралык мамиленин бузулуусуна алып келген пикирлерди айтылуусун күткөн эмес. Азыр баары жайында",- дейт учурда Ошто жүргөн "Ата-Журт" партиясынын лидер Камчыбек Ташиев.

Эскерте кетсек, бир нече жума мурун Ташиев президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой тургандыгын билдирген. Андан соң, өзү шайлоодо ат салышуудан баш тарткан. "ВБ"га берген интервьюсунда "Ата–Журт" партиясынын лидери Кыргызстандын келечеги үчүн өзүнүн амбициясынан баш тарткандыгын, өлкөдө эми гана тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүү системасы камсыз болуп келе жаткандыгын баса белгиледи. Ташиев белгилегендей, Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзү өзүнө гана терс көрүнүш жаратты. Андан бир гана эфирден көргөн адамдардын эмес, жашыруун жолугушууларды өткөргөн жактардын дагы көңүлү кала түштү.

"Бул жерде Бабанов добуш чогултпай эле кайра кадыр баркын түшүрүп алды. Буга чейин аны түштүктө анча-мынча болсо деле колдойт деп билсек, эми кыргыз жана өзбек улутунганы электорат ага болгон ишенимин толук жоготту", - дейт Ташиев.

Камчыбек Ташиевдин түштүктө кадыр-баркы жогору. Ал 2010-жылдын июнунда улут аралык чыр-чатактарды басууну алдын алган

саясатчылардын бири. Өлкөнүн түштүк тарабынын колдоосунан ажыроо ар бир талапкер үчүн эң жаман жаңылык. Анткени өлкө элинин 60 пайызы түштүктө жашайт. Андан тышкары аталган айтмак, шайлоого эң активдүү катышкандыгы менен айырмаланып келген. Салтка айланып калган мындай саамалыкты бул жолу дагы бузбай тургандыктарын Таишев ишеним менен билдирди.

"Ошто дагы, Жалал-Абадда дагы шайлоону абдан күтүп жатышат. Эл бул шайлоо канчалык маанилүү экенин түшүндү. Алар алыста жүргөн туугандарына чалып алып, шайлоодо добуш берүүгө чакырууда", - дейт саясатчы.

Ал эми Бабанов аталган шайлоо чөлкөмдөрүнөн үмүттөнбөй эле койсо болот. Ал күткөн 65,5 пайыз элдин добушу түштүк тараптан эч качан камсыз болбойт.

"Күлкүнү келтирээрлик иш! Бул сандарды ал кайдан таап чыкты билбейм. Түштүктө Бабановдун рейтинги 5 пайыздан өтпөйт. Ал араң 1 пайыз чогултчу аймактар дагы бар",- дейт Ташиев.

Төңкөрүш болбойбу?

Бабановдун ар бир кадамы өлкөдө туруксуздукту орнотуу үчүн жасалып жаткандай. Ага мисал катары анын Назарбаев менен болгон жолугушуусун алсак болот.

Албетте, Казакстандын президенти менен жолугуусунда Бабанов Атамбаевдин кадыр-баркын төмөндөтүп, өзүнүн эл аралык аренадагы маанилүүлүгүн көрсөткүсү келген. Тилекке каршы жыйынтыгы ал күткөндөй болгон жок. Тескерисинче карама-каршы жыйынтыктарга жетишти.

Канатбек Исаевдин криминалдык топтор менен сүйлөшүүгө барып, өлкөдө төңкөрүлүш чыгаруу аракети менен айыпталып камакка алынышы, алардын таза жол менен шайлоодон жеңип чыгууну эмес, күч колдонуп бийликти басып алууну көздөгөндүктөрүн далилдеди.

Криминалдык топторго акча төлөп, алар менен төңкөрүлүш чыгаруу планынын ичинде Бабанов барбы же ал Исаевдин жеке демилгесиби азырынча тактала элек. Бирок буга чейин талапкер менен иштешип калган саясатчылар Өмүрбек Токтогулович шайлоодон жеңилип калуу коркунучу менен ага короткон каражаттарын эске алып, кылмыштуу чөйрө менен бирдиктүү бир бүтүмгө келүү ыктымалдарын айтышууда.

Камчыбек Ташиевдин пикиринде, талапкер өз күчү менен төңкөрүлүш чыгарууга аракет көрө алмак эмес. Анын башкы себеби, бийлик менен күрөшүүдө радикалдык кадамдарга барууга анын мүнөзү туура келбейт. Ал мындай кадамдарга кимдир бирөөнүн колдоосу аркылуу баруусу мүмкүн. Бирок мындай нерсеге бийлик гана эмес, тынчтыкта жашап жаткан карапайым калк жол бербейт.

Жакында белгилүү болгондой шайлоо күнү республика боюнча 12 миң элдик кошуун, бир нече коомдук уюмдар менен биргеликте тартипти көзөмөлгө алат.

"Элге туруктуулук жана тынчтык керек. Андыктан шайлоодо ат салышып жаткан саясатчыларды элди дүрбөлөңгө салбоого чакырабыз. Акыркы шайлоонун жыйынтыктары тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү мүмкүн эмес экендигин далилдеди. Жогорку Кеңешке болгон шайлоо таза өттү. Элди дүрбөлөңгө салууну көздөгөн саясатчылар, кара технология колдонгулары келип жатат. Мен аларга элди жайына койгула деп айтып кетет элем",- дейт "Патриот" коомдук бирикмесинин башчысы Тариэль Искаков.

Үчүнчү төңкөрүлүштү баштоо менен Бабанов, өлкөсүн биротоло жок кыла тургандыгын түшүнүп жатабы жокпу, бул маанилүү эмес. Эң маанилүүсү эгер ал мындай кадамга бара турган болсо, аны токтотчу адамдар табыла тургандыгында.

"Эгерде Бабанов шайлоодон бир добуш менен жеңип ала турган болсо, биз аны кабыл алабыз. Эгер Жээнбеков жеңип чыкса, ал жеңишти эч кимге бербейбиз. Муну Бабанов билиши керек", - дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277574

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.