Атамбаевдин билдирүүсү тууралуу социалдык тармак колдонуучуларынын пикири

  09.10.17   13:51
 151

Социалдык түйүндөрдө президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигине болгон билдирүүсүн кызуу талкууга алышууда.

"Бабанов жана Сариев казак олигархтарына барып баш ийишүүдө", "Казакстан Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүдө"- деген мамлекет башчынын билдирүүсү Интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусун жаратты.

Эскерте кетсек, 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Алмазбек Атамбаев Казакстандын кийлигишүүсүнө карабастан өлкөдө таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кыла тургандыгын айткан.

"Мен бары бир таза шайлоо өткөрөм. Ар бир мамлекет өз өлкө башчысын шайлашы керек жана кимди тандаса, ал ошого татыктуу. Казак бийлиги азыркы күнгө чейин Бакиевди жактырат. Азыркы күнгө чейин расмий бийлик өкүлдөрүнөн элди атып Бакиев туура кылган деген сөздөрдү угуп келем. Анткени биз казак эли үчүн туура эмес үлгү калтырып жатабыз. Назарбаев Казакстандын экономикасы Кыргызстандыкынан 20 эсеге көп, ал эми Алматынын ички дүң өндүрүмү Кыргызстандыкынан 5 эсеге жогору деп туура айтат. Ал эми Казакстандын орточо дүң өндүрүмү Кыргызстандыкынан 10 эсеге көп. Анда эмнеге Казакстанда пенсия 10 эсеге эмес, 1,5 гана эсеге жогору? Ал эми тариф 5 эсеге кымбат. Анткени Казакстан өкмөтү уурдап жатат. Ал эми Атамбаев калыс бийлиги менен Казакстанга жаман үлгү калтырып жатат",- деди Атамбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277575

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.