Бабанов менен Сариев Казакстандан эмне издейт?

  09.10.17   14:49
 109

Дем алыш күнү дагы бир президенттикке талапкер Темир Сариев колдоо издеп Казакстанга барганы маалым болду. Социалдык түйүндөргө талапкер менен Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын бири болгон Булот Утемуратовдун телефон менен болгон сүйлөшүүсү жарыяланды. Эки тараптын сүйлөшүүсүндө колдоо көрсөтүү тууралуу кеп кылып жатышты.

Жергиликтүү ЖМК Сариев менен Утемуратов шайлоодо Бабановду колдоо боюнча соодалашып жаткандыктарын жоромолдоп чыгышты. Азырынча бул жөн гана жоромол. Бирок биздин саясатчылардын көбүн эске алуу менен алардын сүйлөшүүсүн мындай чечмелөөгө толук мүмкүн. 20-сентябрда интернетке жазылып алынган үндү жарыялаган жактардын маалыматы боюнча Алматыда өткөн жолугушуу ийгиликсиз аяктаган. Учурда чоң саясий оюн жүрүп жаткан кези. Эң көңүл калтырган нерсе саясатчылардын өлкө тагдырын соодалашып жатканында.

Ал эми Бабановдун Назарбаев менен болгон жолугушуусун Казакстан ЖМКлары уялбастан пиар катары жарыялашкан. Казакстандын мамлекет башчысы Кыргызстандын президенти катары Бабанов сыяктуу адамды көргүсү келе тургандыгын ачык эле айткан. Андыктан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгына жана Кыргызстандын ички саясатына тыштан кийлигишүүлөр болуп жаткандыгына карабастан эч кандай чара көрүлбөй жатышы таң калтырат.

Кыргызстандын президенти болуп жаткан кырдаалга карата катуу билдирүү жасады. Эгерде коңшу мамлекеттер тарабынан Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү токтобосо, башка жолдорго бара тургандыгын эскертти.

"Мен бары бир таза шайлоо өткөрөм. Ар бир мамлекет өз өлкө башчысын шайлашы керек жана кимди тандаса, ал ошого татыктуу. Казак бийлиги азыркы күнгө чейин Бакиевди жактырат. Азыркы күнгө чейин расмий бийлик өкүлдөрүнөн элди атып Бакиев туура кылган деген сөздөрдү угуп келем. Анткени биз казак эли үчүн туура эмес үлгү калтырып жатабыз. Назарбаев Казакстандын экономикасы Кыргызстандыкынан 20 эсеге көп, ал эми Алматынын ички дүң өндүрүмү Кыргызстандыкынан 5 эсеге жогору деп туура айтат. Ал эми Казакстандын орточо дүң өндүрүмү Кыргызстандыкынан 10 эсеге көп. Анда эмнеге Казакстанда пенсия 10 эсеге эмес, 1,5 гана эсеге жогору? Ал эми тариф 5 эсеге кымбат. Анткени Казакстан өкмөтү уурдап жатат. Ал эми Атамбаев калыс бийлиги менен Казакстанга жаман үлгү калтырып жатат",- деди Атамбаев.

Казакстандын бийлиги тууралуу ачык айткандыгы үчүн Атамбаевдин билдирүүсүн уккан казак эли ага ыраазычылык билдирет. Анын айткандары каршы пикирге караганда колдоо пикирине көбүрөөк ээ болду. Интернет колдонуучулардын бири эгерде Атамбаев Казакстандын президенттиги үчүн ат салыша турган болсо, ал жеңишти багындырарын дагы жашырган жок.

Башка мамлекеттердин ички саясатка кийлигишүүсү өтө коркунучтуу курал. Ал эми Казакстандын тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын жиберип, Астана алардын олигархтары эмне иш кылып жаткандыгына көңүл бургусу келбегенге караганда Казакстан муну толук кабыл ала элек. Алар Кыргызстандын башына өздөрүнө жакын адамды алып келүүнү каалашууда.

Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү менен Казакстан өз имиджин өзү бузуп алды десек болот. Талапкерлерди коңшу мамлекеттен жардан сурап кайрылышы коомчулуктун кыжырын келтирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277577

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.