Бабанов: Элдин жакшы жашоосу үчүн мен бийлик башына келишим керек

  09.10.17   15:36
 66

"Сиздердин жакшы жашооңуздар үчүн мен бийлик башына келишим керек". Мындай пикирин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эл алдында сүйлөп жатып билдирди.

"Урматтуу шайлоочулар, шайлоо күнү добуш берген соң кечки саат 18:00дө шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, качан гана жыйынтык угузулуп, биздин ишенимдүү адамдар колдоруна протоколду алгандан кийин кеткиле. 15-октябрда туугандарыңарга чалып, алардын добуш берүүсүн камсыз кылгыла. Көп түкүрсө кол болот дегендей, сиздер биригип, колдооңуздарга ишенем. Мен 15-октябрды, таңкы саат 5тен баштап, кечки 8ге чейинки убакытты күтүп жатып эки көзүм төрт болду",- деди ал.

Айрым саясатчылардын айтымында, учурда Бабановдун эң башкы максаты кандай жол менен болсо дагы бийлик башына келүү.

Талоочулардын баамында, шайлоодо жеңишке жетээрине Бабановдун көзү жеткен жок. Ага карабастан акча жана жылуу сөзү менен элди өзүнө тартуу аракетин көрүүдө. Учурда электорат дагы өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалдарга кызуу көз салууда. Андыктан анын акыркы учурдагы кадамдары эл алдындагы аброюн төмөндөттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277578

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.