Казакстандыктар Атамбаевди өлкө башчылыгына чакырууда

  09.10.17   16:02
 165

7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан элине жана Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге болгон кайрылуусу өткөн жуманын эң көп талкуу жараткан темасына айланды.

Белгилей кетсек, Казакстандын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүсүн Атамбаев катуу сынга алган.

"Бәсе" белгилүү маалымат порталы Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн эпикалык катары баалап, аны өзүнүн "Ютуб-каналына жана Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган.

Окугандардын саны бир суткада 600 миң адамга жетип, Казакстандын интернет зонасында катуу кызыгууну жараткан. Ал эми бүгүн окурмандардын саны 992 287 миңге жеткен. Андагы көпчүлүк пикирлер Атамбаевдин айткандарын колдоо иретинде жазылган. 11 000 колдонуучу лайк басса, 1000 гана колдонуучу каршы белгини көрсөткөн.

Анда жазылган пикирлер Астана үчүн коңгуроо болуусу керек. Ал эми ФБда Казакстанда интернет-ресурстары арасында рейтинги боюнча биринчиликти ээлеп, zero.kzнын версиясы боюнча жеке, бирок контенти боюнча президенттик болуп келген nur.kz порталы Атамбаевдин видео кайырлуусун "чагычылдык" деген белги менен жайгаштырган.

"Нур.кз" порталынын окурмандарынын көбү Атамбаевдин сөзүн колдоо менен кызматтан кеткенден кийин Казакстандын президенти болуу суушун киргизишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277579

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.