Президент Алмазбек Атамбаев Сочиге иш сапары менен барбай калды

  09.10.17   16:58
 67

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна Алмазбек Атамбаев катышпайт. Шайлоого бир апта калганда өлкөдө түзүлгөн жагымсыз кырдаалдардан улам мамлекет башчынын Сочиге иш сапары менен барбай калгандыгын президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Айрым саясатчылардын шайлоо күнү кылмыш чөйрөсү менен биргеликте массалык баш аламандык чыгарууга камданып жана чет мамлекеттен акчалай колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу фактылар аныкталгандыктан өлкөдө коопсуздугун жана тартип маселесин өзү көзөмөлгө алуу максатында президент иш сапардан баш тартты",- деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Сочидеги жыйындарга өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган делегация барат.

Ал ортодо социалдык түйүндөрдө вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү тууралуу маселе катуу талкууга алынууда. Интернет колдонуучулар атайлап кол салуу болуу мүмкүндүгү болуу ыктымалын айтып, укук коргоо органдарынан дыкат иликтөөгө алууну талап кылышууда.

Эскерте кетсек, Темир Жумакадыров коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр жана шайлоону уюштуруу штабынын башчысы катары 15-октябрда шайлоону таза өткөрүү жоопкерчилиги анын мойнуна жүктөлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277580

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.