БШК мүчөлөрү: Добуштар сатыла турган болсо шайлоо үзгүлтүккө учурайт

  10.10.17   11:15
 79

"Биз БШК мүчөлөрү административдик ресурстун колдонулушуна, шайлоочуларды коркутууга, добуштардын сатылышына каршы тура албасак, анда шайлоону үзгүлтүккө учуратабыз". Бул тууралуу өзүнүн арызында БШКнын мүчөсү Гүлнар Журабаева билдирген.

Ал кесиптештерине мыйзам бузбастан таза шайлоо өткөрүүнү суранып кайрылган.

"БШК жана аймактык шайлоо участкалары административдик ресурстардын колдонулушуна, шайлоочуларды коркутуп, алардын добушун сатып алууга жол бербеши керек. БШКнын 12 мүчөсүнө таза шайлоо өткөрүп, добуштарды туура саноону уюштуруу үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлгөн", – деди Журабаева.

"Биз төмөндө кол койгон БШК мүчөлөрү шайлоодо мыйзамдуулукту, калыстыкты сактоо биздин милдетибиз деп эсептейбиз. Биз БШКнын бардык мүчөлөрүн күч колдонуп же дагы башка жолдор менен жеңишке жетүүгө аракет кылган талапкерлердин азгыруусуна кирбей, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырабыз. Ким элдин ишеничине көбүрөөк кирип, эл кимди туура көрсө ошол өлкөнүн башынан келсин",- дейт ал.

Арызга БШКнын төмөнкү мүчөлөрү кол койду: Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова, Елена Жилкичиева жана Назарали Арипов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277581

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.