Шайлоо учурунда 10 миңге жакын милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлгө алат

  10.10.17   10:43
 47

Бардык шайлоо участкаларында автоматтык эсептөөчү урналар жеткирилип, алар кайтарууга алынды. Бул тууралуу "ВБ"га ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аймактык шайлоо участкаларында күнү-түнү күзөткө турушууда. Шайлоонун алдында республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматта болушат. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында ички иштер органдарынын каражаттары эсептелип, шайлоо учурунда 10 миңге жакын милиция кызматкерлери, андан тышкары 12 миң элдик кошундун мүчөлөрү көзөмөлдөшөт. Шайлоо участкаларында 6 миң милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлгө алат.

Эскерте кетсек, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. БШКнын билдирүүсүндө республика боюнча 2,3 миңден ашык шайлоо участкалары түзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277582

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.