Быйыл мигранттар Кыргызстанга 1,5 миллиард доллар которгон

  10.10.17   12:15
 56

2017-жылдын январынан тартып сентябрга чейин мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 581,1 млн сом которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Августта которулган акчанын көлөмү 262 миллион долларды түзгөн. Анын көпчүлүк бөлүгү, тактап айтканда 257,4 миллион доллар Россиядан келген.

Жалпы жонунан Россиядан Кыргызстанга 1 млрд 552,2 миллион доллар которулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу которулган каражат 320 миллион долларга көбөйгөн же 20,3 пайызга.

Ал эми Кыргызстандан башка мамлекеттерге 271,9 миллион доллар которулган.

Өлкөгө акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү 1 млрд 205,5 млн долларды түзгөн.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын 750 миң жараны башка өлкөлөрдө. Алардын арасынан 570 миңи Россияда, 130 миңи Казакстанда, жана башкалары алыскы мамлекеттерде.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277583

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.