Эксперт: Атамбаевдин айткандары Казакстандагы чындыктын бир гана бөлүгү

  10.10.17   12:29
 146

Атамбаевдин айткандары Казакстандагы чындыктын бир гана бөлүгү. Бул тууралуу саясат таануучу Чынара Эсенгул билдирди.

"Албетте, биздин мамлекет башчы эмоция менен сүйлөдү. Бирок туурасын айтты. Өлкө башчы оюндагы нерсесин айтты жана бул көз караш Казакстандагы чындыктын бир гана бөлүгү. Өлкө башчы бардыгын факт менен көрсөттү", - деди Эсенгул.

"Биз ал жакта абал кандай экенин жакшы билебиз. Туугандарыбыз бар, барып турабыз. Расмий бийлик менен көз карандысыз эксперттердин отчётун салыштырып

көрө турган болсок, андагы сандар өтө ар түрдүү", - дейт ал.

Аналитик белгилегендей, социалдык тармактарда Атамбаевдин айткандардын колдогондор абдан көп жана ал Казакстандагы жалпы кырдаалга байланыштуу.

"Кыргызстанда сөз эркиндиги, демократия бар, ал эми аларда жок. Маселе ушунда. Казакстанда авторитардык башкаруу системасы болгондуктан аларда эркин ой жүгүртүү, эркин сүйлөө деген жок", - деди Ч. Эсенгул.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277584

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.