Террорчуларды кармоодо УКМКнын эки кызматкери бычактан жарат алды

  10.10.17   12:44
 95

Ош облусунун Ноокат районунан террорчулукка шектүү жарандарды кармоодо УКМКнын эки кызматкери жарат алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 9- октябрда, болжол менен саат 21.00 чамасында УКМК эл аралык террорчулук уюмдун мүчөлөрүн кармоо операциясын жүргүзгөн. Операция учурунда алар УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине кол салышкан. Эки кызматкердин биринин өпкө тушуна 3 жолу бычак урулса, экинчисинин көкүрөгүнүн оң тарабынан төрт жолу бычак сайылган.

"Учурда кызматкерлердин абалы канааттандырарлык. Облуста "Перехват" планы жарыяланып, террорчулук топтун мүчөлөрүнүн өздүгү такталды. Издөө иштери жүрүп жатат. Аталган факт боюнча Ноокат райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Жабыр тарткандарга бүгүн эртең менен операция жасалып, абалдары туруктуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277585

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.