Атамбаев эмне жөнүндө сүйлөдү?

  10.10.17   14:26
 202

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзү бир гана Кыргызстанда эмес коңшу Казакстан мамлекетинде дагы чоң резонанс жаратты.

Назарбаевдин Бабановду кабыл алуусу Казакстан Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жаткандыгынан кабар берет жана мындай аракеттин жоопсуз калуусу мүмкүн эмес. Албетте, мамлекеттин коопсуздугу, биримдикти бекемдөө жана өлкө көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн мамлекет башчы жоопту. Учурда Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү коом арасында кызуу талкууга алынып, ар кандай пикир жаратууда. Көпчүлүк мамлекет башчынын айткандарын колдоого алса, арасында сындагандар дагы жок эмес.

Эдил Байсалов социалдык түйүндөрдө жазган билдирүүсүндө мамлекет башчынын атынан казак элинен кечирим сураган. Бирок ал күткөндөй жооп алган жок. Казакстан жарандарынын көбү ага, эмне үчүн кечирим сурап жатасың? Чындыкты айткандыгы үчүнбү?,- деген суроону узатышкан. Казакстандын калкы ашканасында отуруп шыбырап сүйлөшкөн же социалдык тармактарда аты-жөнүнн өзгөртүп алып жазган нерсени Атамбаев ачык айтты. Андыктан анын айткандары казак коомчулугунун талкуусуна алынып, колдоо табууда.

Ал эми мындан бир канчы жыл мурун диктаторлордун катарын толуктаган Назарбаевди коргоого алган Байсалов өзүнүн туруктуу көз карашы жоктугун дагы бир жолу далилдеди.

Акыркы жолу Астананын Кыргызстандагы шайлоого кийишүүсү катуу сынга кабылды. Бирок бийликти алмаштыруу тууралуу сөз кылган бардык жарандарын каматууга даяр болгон Назарбаевден муну дагы күтсө болот. Бийлик башкаруу системасын өзүнө ыңгайлаштырып алган Казакстанда оппозициялык күчтөр дагы талкаланып жок болгон, айрымдары өлкөдөн чыга качкан. Ал эми кошуна мамлекет Кыргызстанда эки жолу төңкөрүлүш болуп, өлкө башчысы алмашкандыгына күбө болгон Назарбаев 10 жылдан бери тынч уктай албай түшүнөн ойгонууда.

2010-жылы Бакиев тактан кулаганда Назарбаев дагы тынчсызданбай койгон эмес. Казак эле дагы Назарбаев чексиз башкарууга ээ болгондугуна нааразы пикирлерин ачык айта баштаган. Муну Назарбаев Кыргызстан терс үлгү көрсөтүп жатат деп баалап, кыргыздарга душманындай мамиле кылууга өткөн. Чек араларды жабуу менен экономикалык блокада уюштуруп, ошол кезде Казакстан Кыргызстандын экономикасын 1 млрд долларга аксаткан.

Мындай блокада бир гана Кыргызстанда эмес Казакстанда дагы негативдүү реакцияны жараткан. Кыргызстандык ишкерлер менен иш алып барган казак бизнесмендери нааразы пикирлерин билдирген. Алардын нааразычылыгын Казакстандагы жаштар уюмдары дагы колдоого алган. Бул ошол кездеги Назарбаевдин Кыргызстанга болгон "чыныгы достук жана акылмандык" мамилеси эле.

Назарбаевдин Бабанов менен болгон жолугушуусу дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени Казакстандын мамлекет башчысы өзүнүн режимин сактап калуусу үчүн Кыргызстандын кайрадан авторитардык башкаруу режимине өтүүсү абдан маанилүү. Мындай өзгөрүү Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерге суктануу менен караган казактар үчүн эң катуу сокку. Кыргыз элин дискредитациялоо үчүн Назарбаевге ишенимдүү адам керек. Андыктан анын Бабановду колдоп жатканы айдан ачык белгилүү. Андан тышкары Назарбаев менен Бабановдун жалпы кызыкчылыгын, Казакстандагы

олигархиялык топтордун кызыкчылыгын көздөгөндө.

Атамбаев өз сөзүндө Бакиевдин адамдары Казакстанда өздөрүн эркин сезишет деп айткандыгы чындык. Ал эми Бабановдун союздашы Бакыт Төрөбаевдин Талант аттуу жигит менен болгон аудио жазуусу буга далил. Бул Астана Кыргызстанга Акаевдин жана Бакиевдин режимин алып келүү үчүн колдоо көрсөтүп жаткандыгынын ачык белгиси. Андыктан мындай кырдаал учурунда Атамбаевдин үн катпай карап турушу мүмкүн эмес эле. Эң негизгиси мамлекет башчы сынды казак элине эмес, бийлик башындагыларга жолдоду. Ал эми казак эли Атамбаевдин билдирүүсүн туура кабыл алуу менен алар дагы авторитардык башкаруудан чарчагандыгын далилдеди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277586

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.