16 миң гектар жердин кайтарылышы Бабановдун эмес, ЖКнын эмгеги

  10.10.17   15:06
 74

"Мен премьер-министр болуп турганда "Кумтөрдүн" корголуучу аймагын, 16 миң гектар жерди бөлүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгаргам". Мындай пикирин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов билдирген.

Билдирүүнү талапкер шайлоочулар менен болгон жолугушууларда, ЖМКларга берген маегинде, атүгүл дебат учурунда дагы байма-бай таратууда.

Албетте, аталган документти жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн техникалык токтомуна Бабановдун колу коюлган.

Маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2010-жылкы апрель окуясынан бир ай мурун өкмөттүн токтому менен 16 миң гектар жерди бир категориядан экинчи категорияга которуп, аны "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын колдонуусуна берген.

2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен канадалык компаниянын ишмердигин жана экологиялык нормаларды сакталышын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ишти иликтөөгө алат.

Отчётто "Кумтөр" долбоорунун алкагында иштетүүгө берилген концессия аймагын карап чыгуу маселеси белгиленген. Ушул эле токтомдо парламент Үсөнов тарабынан кол коюлган өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу сунушун киргизген. Демек, ошол кездеги Бабанов башында турган өкмөт болгону Жогорку Кеңештин сунушун аткарган. Болгону техникалык жагын гана жөнгө салган. Андыктан бул маселеде Бабановду башкы каарман катары белгилөөгө негиз жок.

Ошондой эле юристтердин айтымында, ири жер тилкесин кайтарып алуу боюнча Бабанов тарабынан кабыл алынган механикалык чечим "Центеррой Голд Инк." тарабынан Кыргызстанга карат арыздануунун негизги далилдеринин бири. Инвестиция жөнүндө мыйзамдарга ылайык, кабыл алынган чечим "Кумтөрдүн" мүлкүн экспроприациялоо катары табылыш мүмкүн.

Токтомду кабыл алып жатып мурдагы премьер "Кумтөр" боюнча 2009-жылы түзүлгөн жаңы макулдашуунун шарттарына ылайык, жерди берүү тууралуу өкмөттүн милдеттеринин жокко чыгара албай тургандыгына көңүл бурган эмес.

Экс-премьер-министрдин мындай кадамынан улам мамлекет үчүн олуттуу тобокелдиктер жаралды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277587

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.