Серепчи: Казакстандын чек арада тоскоолдуктарды жаратышы жакшы эмес

  11.10.17   14:30
 62

Бул саясий себеп болушу мүмкүн эмес деп ойлойм жана казак тарап техникалык көйгөйлөргө таянууда. Мындай пикирин 10-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Марат Казакпаев билдирди.

"Кошуна мамлекет болгондон кийин кандай болгон күндө дагы Казакстандын мындай мамилеси туура эмес",- деди ал.

Анын айтымында, жарандардын жана транспорт каражаттарынын Казакстандын чек арасынан өтүүсүнө тоскоолдук жаратуу жакшы эмес.

"Расмий маалымат болбогондон кийин Казакстандын бийлиги талапкерлердин бирин колдоп жатат деп айтуу кыйын. Бирок М. Аспеков менен К. Исаевдин камалуусун эске алуу менен бийликти күч колдонуп басып алуу үчүн массалык баш аламандык уюштурууга аракеттер көрүлүп жатканы маалым",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277588

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.