Бабановдун кишилери шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети менен кармалды

  11.10.17   11:22
 91

Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 10-октябрь күнү Ош ШИИБнын ыкчам кызматкерлерине Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун башкы штабынан шектүү коробкаларды чыгарып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ош ШИИБнын кызматкерлери окуя болгон жерге келишкен. Болжол менен саат 15:00 чамасында көрсөтүлгөн жерден "Daihatsu" үлгүсүндөгү автоунаа чыгып, Амир-Темир кичи районун көздөй багыт алган. Садридин - Айни көчөсүнөн автоунаа токтотулуп, текшерүү учурунда 1959-жылы туулган А.С. аттуу айдоочусу унааны башкарып бара жаткандыгы аныкталган. Автоунаанын ичинде 1953-жылы туулган К.Т. аттуу жаран бар болгон. Автоунаа Ош ШИИБне жеткирилип, күбөлөрдүн катышуусу менен унаанын багажында 6 коробкага салынган Өмүрбек Бабановдун колу коюлган каттар табылган. Андан сырткары, кармалган жарандардан ири суммадагы 185 000 миң сом акча каражаты табылган. Тергөө учурунда А.С. аттуу жаран жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты шайлоочулардын добушун сатып алууга арналганын билдирген. Аталган факты боюнча материалдар чогултулуп, сотко жана Аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо мыйзамынын негизинде чечим чыгаруу үчүн жөнөтүлгөн.

Түшүндүрүү иштеринин негизинде, А.С. аттуу жаран өз ыктыяры менен штабка карата чараларды көрүп берүүлөрү үчүн сотко кайрылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277590

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.