Бабановду колдоо үчүн Назарбаев блокадага алууну чечти

  11.10.17   12:58
 140

Кыргыз-казак чек арасында тыгын жаралып, эл 4-5 саатка чейин кезекте турууда. Мындай кырдаалдын жаралышына Казакстандын чек арачыларынын күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу себеп болууда. Чек арада кезекте тургандар маалымдагандай, Казакстан чек ара тартибин катаалдаштыргандыктан, текшерүү өтө жай жүрүүдө. Ал эми Кыргызстан чек арачылары эч кандай өзгөрүүсүз иш алып барууда.

Кызыгы, мындай өзгөрүүлөр президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун айрым тарапташтарынын Казакстандын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин болууда. Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда эртең менен "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Фархад Иминов Казакстанга жөнөп кеткен. Ал Астанада бийлик төбөлдөрү менен жолугушкан. Аталган жолугушуумдан кийин Казакстандын чек арачылары күтүүсүздөн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтү, аны коопсуздукту алдын алуу менен байланыштырууда. Чек ара маселесинин жаралышына Казакстандын президенти Назарбаевдин Кыргызстандын мамлекет башчысына болгон таарынычы дагы себеп болду десе болот. Атамбаев коңшу өлкөнү катуу сынга алса дагы, ал бир дагы мамлекет Кыргызстандын ички саясатына кийлигише албастыгы тууралуу так түшүнүк берди. Атамбаевдин мындай билдирүүсүн карапайым казак эли түшүнүү менен аны колдоого алды.

Ал эми талапкер Бабанов Балыкчыда сүйлөгөн сөзүндө актануу аракетин жасады. Аны Назарбаев өзү чакыргандыгын айтып, барбай коюу туура эмес болмок деген пикирин билдирди. Бирок Казакстандын башчысы мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда таасири бар адамды, Кыргызстандын депутатын, фракция лидерин жана президенттикке талапкер жаранды өзүнө чакырып, кеңеш берүүгө укугу жок эле.

Казакстандын күч органдарынын өкүлдөрү билдиргендей, аларга Кыргызстандан келген эмгек мигранттарга жана ишкерлерге кысым көрсөтүү буйрутмасы берилген. Айрымдарын ар кандай себеп менен өлкөдөн чыгаруу тапшырылган.

Мунун менен Назарбаев Кыргызстан коомчулугунун нааразычылыгын жаратып, электоратта чыңалууну жараткысы келип жаткандыгы айдан ачык маалым.

Ал эми Бабанов менен Назарбаевдин ортосундагы байланыш президенттикке талапкер Казактардын мамлекет башчысынын жолу менен басууга даяр экендигинен кабар берет. Эгер Бабанов мамлекеттин башына келе турган болсо Назарбаевдин саясий системасы менен иш алып бара тургандыгы анык.

Назарбаев 2010-жылы Кыргызстанга уюштурган блокадасын кайталоо аракетинде. Бирок ал андан бери абал кыйла өзгөргөнүн эске алган жок. Кыргызстан Казакстан сыяктуу эле ЕАЭБге мүчө мамлекет. Андыктан Назарбаевдин мындай кадамдары жылдардыр Путин тарабынан негизделип, анын тышкы саясаттагы эң чоң жетишкендиктеринин бири болгон интеграциялык бирикмеге катуу сокку болуусу мүмкүн. Шайлоону утурлай Назарбаев Путинди мындай абалга келтирүүгө даярбы?

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, учурда Казакстандын ишкерлери Кыргызстанга 400 млн доллардан ашык товарларын экспорттойт. Чек ара иштеринин солгундашы менен казак ишкерлеринин дагы иши татаалдашат. Киреше азайып, иш орундары кыскарат. Ал эми Казакстандын ички рыногунда аларга күчтүү атаандаш болгон Россия менен Белоруссиянын ишкерлерине каршы туруп, өздөрү каалагандай киреше таба албайт. Назарбаев мындай тобокелдиктерге барабы?

Атамбаевдин катуу сынынан кийин Казакстандын бийлик өкүлдөрү эл алдында отчёт берип, Кыргызстандын президентинин сөзүн жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Эмгек жана социалдык коргоо министри жакында Казакстанда пенсия Кыргызстанга салыштырмалуу 3-4 эсеге жогору боло тургандыгын убада кылды. Бирок ал буга чейин жүз миңдеген пенсионерлерден "ЭКСПО -2017" иш чарасы үчүн бирдиктүү пенсиялык фонддон алынып келген пенсияны кантип кайтарып бере тургандыгын айткан жок. Бул миллиарддаган теңге дегенди түшүндүрөт.

Казакстан эли Атамбаевдин "эгерде мен ЭКСПО-2017 сыяктуу иш чара үчүн Казакстан короткондой көп акча коротсом кыргыз эли менен өрттөп жибермек",- деген сөзүн катуу талкууга алышты. Казактын карапайым эли Атамбаев тарабынан айтылган үч миллиард долларга катуу реакция жасады. Ал эми казак бийлиги 1,3 млрд доллар корогондугун айткан. Атамбаевдин сөзүнөн соң казак эли алар пенсия үчүн чогулткан каражат бийлик тарабынан уурдалып жаткандыгына ишеништи.

Бабановдун тарапташы болгон Фархад Иминов Казакстанга бекер барбагандыгы маалым. Анын иш сапарынан кийин чек ара тартиптеринин күч алышы кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгондугуна далил.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277592

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.