Казак эксперттери саясий реформа боюнча КРдан артта калып жаткандыктарын айтты

  11.10.17   15:05
 105

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал эки мамлекеттин элинин кооптонуусун жаратууда. Чек ара өткөрүү пункттарында миңдеген адамдар кезекке туруп, жүздөгөн унаалар тыгынга кабылды.

Буга айрым президенттикке талапкерлер жана алардын колдоочулары Атамбаевди күнөөлөсө коңшу Казакстан мамлекетинде тескерисинче учурдагы абал боюнча бир топ олуттуу пикирлер айтылууда.

Казакстандын саясат тануучусу Досым Сатпаев бул тууралуу Facebook социалдык түйүндөрдөгү баракчасына өз пикирин жазып чыкты.

"Атамбаевдин сөзүнөн кийин Казакстанда иштеп жаткан кыргыз жарандарынан өч алуу биздин бийликтин эң акылсыз кадамы. Кордайдагы атайын жасалма көрүнүш каршылык акциясынын башталышы болбойт деп ишенем. Саясатчылар келе да кетет, ал эми эл калат. Кыргызстан бизди бир нерсеге үйрөтүшү мүмкүн. Ал эми Атамбаев Борбор Азия боюнча өз каалоосу менен Конституциянын негизинде бийлигин өткөрүп берип жаткан алгачкы президенттердин бири.

Ошону менен бирге башка талапкерлер катаал саясий атаандаштык үчүн шарттарды түзүү менен анын дагы кыжырын келтирди", -дейт эксперт.

Сатпаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү жана реформа жүргүзүү боюнча казак бийлиги Атамбаевден үлгү алышы керек экендигин баса белгиледи.

"Албетте, авторитардык башкарууга ээ болгон башка коңшуларга салыштырмалуу ал ак каргадай эле. Бирок мындай маанилүү прецедент бизде дагы качандыр бир учурда болот деп ишенем. Эгерде биз өзүбүздү бул аймактын эң мыктысы катары сезип жүрө бере турган болсок, эртең башкалардын артынан дем алып калабыз. Саясий жактан реформалоо боюнча биз Кыргызстандан артта калдык. Бул реформалар Кыргызстанда деле гүлдөп кеткен жок. Бирок жок дегенде туруп калбастан жылып жатат",- деди ал.

Эскерте кетсек, 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Казакстан Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип жатканын айтып, катуу сынга алган. Ал казак бийлиги өздөрүнө жакын адамды Кыргызстандын президенттигине алып келүүнү каалап жаткандыгын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277593

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.