Бакетаев: Кыргызстанга шамал сепкен, бороон алат

  11.10.17   15:59
 209

Кыргыз-казак чек ара өткөрүү пунктунда миңдеген адамдар кезекке туруп, жүздөгөн унаалар тыгынга кабылды. Казакстан тараткан берилген расмий маалыматтарга ылайык, мындай жагдай техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам болууда. Бирок кыйынчылыктар Атамбаевдин Астанага карата айткан сын пикирине жооп катары казактар тараптан атайлап жасалып жатканы айтылууда.

Мындай көрүшүн казак олигархтары тарабынан президенттикке талапкерлердин бирине колдоо көрсөтүлүп жаткандыгына ачык далил. Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин бузулуусунун себеби дагы ушул. Бул тууралуу ал "ВБ"га пикирин тең бөлүштү.

Кыргызстанда президенттик шайлоону утурлай абал курчуганы байкалды. Ага кошул ташыл чек ара маселеси дагы чыкты. Мындан аркы абал кандай болот деп ойлойсуз?

- Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан парламентинин оппозициячыл фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен шайлоону утурлай жолугушуусу Алмазбек Атамбаевдин жооп кайтаруусуна алып келди. Анын Казакстанды сынга алуусу бомба жарылгандай эле болду. Айтылган сынды көпчүлүк карапайым казак калкы колдоого алып, түшүнүү менен кабыл алды. Бирок казак бийлиги тарабынан жумшак тил менен айтканда туура эмес иштер жасалууда. Муну ар кандай шылтоо менен байланыштырышсын. Мейли техникалык себептерден улам болобу же дагы башка себептерден улам болобу, бирок чек арада тоскоолдук жаратып, Казакстандагы Кыргызстан жарандарын өлкөдөн чыгаруу ЕАЭБде нааразычылык жаратпай койбойт. Барыбыз билгендей бул структура көп жалдаган эмгек менен ошол эле Нурсултан Абишевич Назарбаевдин жана Владимир Владимирович Путиндин катышуусунда түзүлгөн. Эгерде Казакстандагы Кыргызстан жарандары массалык түрдө депортация боло турган болсо буга ЕС жана АКШ сөзсүз реакция кылдат. Бул Астанага карата батыш санкцияларды киргизүүгө чейин алып барышы мүмкүн. ЕККУ сөзсүз өз позициясын билдирет.

Кырдаалды курчутпай жөнгө салуу үчүн кандай кадамдарга баруу керек?

- Эгерде абал тезинен жана конструктивдүү көзөмөлгө алынып, саясатчылар тарабынан өз ара кызыкчылыктар сакталбаса, чоң толкун болушу ыктымал. Андай болуп кете турган болсо ал толкун бизди гана эмес Өзбекстанды, Тажикстанды жана Түркмөнстанды дагы каптайт.

Жакшы нерсеге жетүүнү аракет кылып, бирок кандай болуп калганын өздөрү түшүнбөй калган араб өлкөлөрүндөгү көрүнүштү бизге дагы алып келүүгө аракет жасап жатышат. Андыктан бизде алдыда чоң сыноо бар. Киссинджер планы Борбор Азияда жеңил эле ишке ашып кетиши мүмкүн, анткени ал башталды. Абалдан чыгуу өтө татаал. Бирок издөө керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277594

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.