Казак премьери: Биз эч качан Кыргызстанга карата чектөө киргизген эмеспиз

  11.10.17   16:08
 80

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү боюнча комментарий берди. Өз сөзүндө ал Кыргызстандын аба, темир жана автоунаа жолдорунун бардыгы тең Казакстан аркылуу өтөрүн белгиледи.

"Биз эч качан чектөө чараларын кабыл алган эмеспиз. Ошол эле маалда бул жылдар аралыгында биздин өлкө кыргыз элине жардам берип, Кыргызстан жетекчилеринин өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле кылып келген", - деди казак премьери.

Сагинтаевдин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган бул билдирүүсү кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги текшерүүлөр күчөтүлгөн маалга туш келүүдө. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, казак тарап чек арадагы күчөтүлгөн текшерүү тартибин 10-октябрь саат 18:00дөн тарта киргизген.

10-октябрь кечинде социалдык түйүн колдонуучулары адамдар көзөмөл-өткөрмө бекеттерде бир канча сааттап кезек күтүп тургандыктарын, ал эми жүк ташуу унаалары тыкыр текшерүүдөн өтүп жатканын билдиришкен.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин дагы Казакстан эки өлкө чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерди бир тараптуу жаап, бир айдан кийин ачкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277595

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.