Премьер ЖЕЭК жана КМШ кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочиге келди

  11.10.17   16:47
 53

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБ алкагында мамлекеттер аралык кызматташтык маселелери тууралуу талкуу болот.

Сочи эл арадык аэропортунда Өкмөт башчысы Сапар Исаковду РФ Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, КМШ уставдык органдарынын алдындагы КР туруктуу өкүлү Кубанычбек Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, Премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277596

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.