Төңкөрүлүштү каржылоо тууралуу Исаевдин тарапташтынын айткандары жарыяланды

  12.10.17   14:34
 180

Интернетке Канат Исаевдин азгыруусуна кирген Дениз Раимкулов аттуу жарандын Бабановдун тарапташтары акчанын жардамы менен бийликке жетүү үчүн көргөн аракеттери тууралуу айткандары жарыяланды.

Раимкулов Исаев менен Бишкектеги кафелердин биринде баш аламандык чыгаруу тууралуу жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүн төкпөй чачпай айтып берди.

"Ал мени чакырып, төңкөрүлүш жолу менен болсо дагы биз болобуз деп айтты. Менин түшүнүгүм боюнча булардын таянганы акча. Төңкөрүлуш чыгарганда баары акча менен болот, туурабы? Алар эл миң берсе 2 миң, 4 миң берсе 5 миң беребиз деп жатышкан. Токтобойбуз деди. Бабанов ага акча берип, "өзүң бөлүштүр, эң негизгиси бизге жыйынтык керек",- дегенин айтты", - дейт Раимкулов.

Анын айтымында, аларга каржылык жактан колдоо көрсөткөн адам Бабанов.

"Каражаттын булагы – Бабанов. Анткени Исаев "эгер Сариевдин акчасы болсо, анын жанында жүрө бермекмин. Темир президент болбойт, чыкпаган атты сүрөп эмне кереги бар. Чынын айтканда мага 6 жыл оппозицияда жүрүүнүн кажети жок. Кандай болгон күндө дагы президент боло турган кишинин жанында болушум керек",-деди. Бабановдун президент болооруна канчалык деңгээлде ишенесиң?- деп сураганымда, "Бабанов төңкөрүлүш кылса дагы алат",- деп жооп берди. Бул жерде сөз аймактар тууралуу болду. Түндүк, айрыкча Чүйдү көтөрүп кетебиз деген сөздөрүн айтты",-дейт Раимкулов.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда УКМК депутат Канат Исаевди жана уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрүн камакка алган. Эл өкүлү Башкы прокуратура тарабынан ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277597

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.