Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүү боюнча тапшырма берди

  12.10.17   11:03
 102

Премьер-министр Сапар Исаков 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы мындан бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жабыркап жатканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277598

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.